Лейлектин эки тургуну аткезчилик дары-дармектер менен кармалды  

Лейлектин эки тургуну аткезчилик дары-дармектер менен кармалды  

Аткезчилик жол менен дары-дармектерди ташып келаткан эки жаран кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка караганда, 2023-жылдын 9-июнунда УКМК тарабынан контрабандага каршы күрөшүү иш-чаралардын жүрүшүндө, Лейлек районунун тургундары, 1993-жылы туулган С.у.И. жана 1991-жылы туулган М.Т.З. аттуу жарандардын башкаруусундагы 03KG 322 ADU мамлекеттик номурлуу, көк түстөгү Ауди А6 үлгүсүндөгү унаа аныкталып токтотулган.

Унаанын ичинен кошуна мамлекеттердин биринен Баткен облусуна аткезчилик жол менен алынып келинген дары-дармектер табылган.

Аталган унаа жүктү Лейлек районунан Кадамжай районун көздөй жергиликтүү соода түйүндөрү аркылуу сатуу үчүн бара жаткан.

Унаа жана жүк атайын сактоочу жайга токтотулуп, аталган факты боюнча тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталды.

Белгиленген тартипте жүктү жок кылуу үчүн материалдарды бажы органдарына өткөрүп берүү мүмкүнчүлүгү каралууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>