Мыйзамсыз курулуштар боюнча депутаттык комиссия отчет берди

Мыйзамсыз курулуштар боюнча депутаттык комиссия отчет берди

Бүгүн, 5-октябрда, шаар куруу мыйзамдарынын аткарылышын контролдоо жана Бишкек шаарындагы башаламан курулуш маселелерин иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын ишинин жыйынтыктары боюнча отчет берди. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирди.

Комиссиянын төрагасы депутат Азамат Исраилов баяндама жасап, депутаттык комиссия   8 ирет отурум өткөрүп, Жогорку Кеңештин имаратында, мамлекеттик мекемелердин имараттарында, жарандардын Бишкек шаарындагы курулуш объекттерине даттануулары жана арыздары менен таанышуу максатында жер-жерине барып да, жыйындарды  өткөргөнүн маалымдады.

Башаламан жана мыйзамсыз курулуш жөнүндө кеп козголгондо мыйзамды бузгандарга карата колдонулуучу санкциялардын шайкештиги тууралуу дагы суроо жаралат деди эл өкүлү. Курулуш объекттери боюнча жарандардын кайрылууларынын чоӊ бөлүгү курулуп жаткан көп батирлүү үйлөрдүн башаламандыгына такалат.

Архитектура, курулуш жана турак-жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин маалыматына ылайык, 2022-жылдын июн айына карата 2016-жылдын башынан тартып Бишкек шаарындагы мыйзамсыз объекттердин жалпы саны 36 объектти гана түзгөн. Алардын ичинен: Кээ бир үйлөргө жарандар эчак эле мыйзамсыз көчүп келгенине карабастан, алардын “курулуп жаткан объект” катары статусу көп жылдар бою сакталып келе жатат, мындай айтканда эксплуатацияга берилбеген үйлөрдө эл жашап келет.

Шаар куруудагы такай бузууларды эске алуу менен депутаттык комиссия чечим кабыл алды. Министрлер кабинети жана Бишкек шаарынын мэриясына бир нече тапшырмаларды берди. Анын ичинде Мамлекеттик ипотекалык компаниянын алкагында курулуп жаткан үйлөрдү кошпогондо, конуштарда жаңы көп кабаттуу үйлөрдүн курулушуна убактылуу мораторий киргизүү сунушталды.

Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети жана Бишкек шаарынын мэриясыны бир нече тапшырмаларды берди. Анын ичинде Мамлекеттик ипотекалык компаниянын алкагында курулуп жаткан үйлөрдү кошпогондо, конуштарда жаңы көп кабаттуу үйлөрдүн курулушуна убактылуу мораторий киргизүү сунушталды.

Белгилей кетсек, комиссиянын курамында Алишер Козуев, Медербек   Алиев, Исатбек кызы Аида, Азамат Исираилов, Исхак Масалиев, Винера   Раимбачаева Тазабек  Икрамов, Эльвира  Сурабалдиева, Дастан  Бекешев, Шайлообек Атазов, Улан Бакасов иш алып барды.

Талкуунун соңунда бир катар сунуш-пикирлер менен депутаттык комиссиянын маалыматы эске алынды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>