“Подстава” жасалышы мүмкүн экенин айткан журналист кармалды (видео)

“Подстава” жасалышы мүмкүн экенин айткан журналист кармалды (видео)

Чүй облусунда ички иштер башкармалыгы журналист Эрмек Аттокуровду кармады.

Милиция билдиргендей, шектүү Т.А. аттуу адам менен сүйлөшүп алып, “милициядагы кызмат адамдан 1 млн сом опузалоодо” деген маалымат түшкөн. Анын негизинде “акча опузалоо” беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Аттокуров 8-февралда кармалган.

“Чүй облустук милициянын Кылмыш иликтөө башкармалыгынын жана ИИМдин Чүйдөгү ички иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери жүргүзгөн ыкчам-иликтөө жана атайын тергөө амалдары учурунда 37 жаштагы Э.А. 100 миң сом алып жатканда кармалды”, — деп билдирди милиция.

Ал убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Учурда тергөө уланууда.

Белгилей кетсек, буга чейин журналист Эрмек Аттокуров “Фейсбуктаы” баракчасында аны милиция “подстава” кылып кармашы мүмкүн экенин билдирген.

“Жакынкы аралыкта Чүй обл жана Сокулук рай милициясы тарабынан мага карата “провакация” же «подстава» болушу мүмкүн. Чөнтөктөн же машинеден жашыл түстүү белгисиз заттарды “таап алышы” деле ыктымал. Азыр буларга толук “ишенип” калдым”, — деп билдирген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>