Бишкек мэри «Мадина» базарындагы өрттөн кийин соодагерлер менен жолукту«Мадина» базарындагы өрткө дрондордун жардамы менен мониторинг жүргүзүлүүдө«Көлөкө менен кармаш»: Валентина Шевченко UFC титулун коргоо алдында Кыргызстанда машыгуудаБишкекке аймактардан 400дөн ашуун жол тескөөчү тартылдыМилиция «Мадина» базарындагы өрттүн алдын ала себебин атадыКыргызстандыктарга мүлк салыгын төлөөгө эки күн калды
Кыргызстанда кышкы туристтик сезон 17–декабрда ачылат
14.12.2022 | 09:00
17–декабрда Кыргызстандагы кышкы туристтик мезгилдин расмий ачылыш аземи өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Иш-чара “ЗиЛ” тоо лыжа базасында өткөрүлөт.
“Бул иш чаранын алкагында интерактивдүү элементтерди камтыган лыжа тебүүнү сүйүүчүлөрдүн оюн-зооктору, эс алуучулар арасында түрдүү сынактар, өнөрпоздордун катышуусундагы концерттик программа жана башка көптөгөн кызыктуу оюндар жана конкурстар уюштурулуп, түрдүү байгелерди утуп алуу мүмкүнчүлүгү түзүлмөкчү”, – деп айтылат маалыматта.
Министрлик кыргызстандыктарды кышкы туристтик сезондун ачылышына катышууга чакырат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз