Кыргызстандан 75 миң доллар чыгарып бараткандар кармалды

Кыргызстандан 75 миң доллар чыгарып бараткандар кармалды

Кыргызстандан 75 миң доллар каражатты сыртка чыгарууга аракет кылган эки жаран кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгы тарабынан жүргүзүлгөн Кыргызстандын мамлекеттик чек арасы аркылуу товарларды жана акча каражаттарын мыйзамсыз алып өтүү каналдарына каршы күрөшүү боюнча ыкчам-издөө иш-чаранын жүрүшүндө, Кыргызстандын жарандары А.М.И. жана А.у.А. “Достук-унаа жол” көзөмөл-өткөрүү пункту аркылуу 75 000 АКШ доллар каражатын тиешелүү бажы декларациясын толтурбастан чыгарып кетүүгө аракет кылган жеринен кармалышты.

Министрлер кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы №7 “Экономикалык коопсуздукту камсыз кылуу, ички валюта рыногундагы кырдаалды турукташтыруу, ошондой эле Кыргызстандын улуттук кызыкчылыктарын коргоо боюнча чаралар жөнүндө” токтомуна ылайык республиканын бюджетине 568 230 сом (башкача айтканда белгиленген лимиттен ашкан сумманын 10%) кайтарылды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>