Бишкектеги ботаникалык бакка 300 көчөт тигилди (сүрөт, видео)

Бишкектеги ботаникалык бакка 300 көчөт тигилди (сүрөт, видео)

Бүгүн, 14-апрелде Бишкектеги ботаникалык бакта 300 көчөт отургузулду.

Иш-чара президенттин «Жашыл мурас» демилгесин колдоо иретинде Жогорку Кеңештеги «Альянс» фракциясы, анын ичинде депутат Эмил Жамгырчиевдин демилгеси менен өткөрүлдү.

Көчөт отургузууга Жогорку Кеңештин депутаттары Жанар Акаев, Эмил Жамгырчиев, Фарходбек Алимжанов, студенттер, шаар тургундары, жалпы 200гө жакын киши катышты.

Эмил Жамгырчиевдин айтымында, ботаникалык бакка тигилген ийне жалбырактуу дарактардын көчөттөрү Татарстан тарабынан берилген. Татарстан жалпы 8 миң көчөт берген, анын бир бөлүгү буга чейин Нарын облусунун эки районунда тигилди. Калганы башка облустарга таратылат.

Жамгырчиевдин айтымында, көчөт отургузуу иш-чарасынын башкы максаты экологияга кам көрүү.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>