Баткен облусунун тургундарына жаңы томограф орнотулду«Ала-Арча» паркына кирүүнүн акысы эмнеге кымбаттаганы айтылды«Манас» университетинин ректораты кампус аркылуу жол салууга каршы чыкты12-июнь: Өлкөнүн көпчүлүк аймактарында өткүн өтөтЯндекс Кыргызстан Top Employer 2026 макамына татыдыПашинян Армениянын ЖККУдан чыгарылышы мүмкүн экендиги боюнча пикирин билдирди
Видео: Кыргызстандан Казакстанга мыйзамсыз ташылып бараткан 1,3 млрд теңгелик тамеки кармалды
10.08.2023 | 15:01
Казакстанда Кыргызстандан мыйзамсыз ташылып келе жаткан 1,3 млрд теңгелик (болжол менен 256 млн сом) тамеки кармалды. Бул тууралуу Казакстандын Каржы мониторингу агенттигинен билдиришти.
Маалым болгондой, тамеки коңшу мамлекетке темир жол аркылуу эки вагондо ташылып бараткан. Алардын тиешелүү коштомо документтери болгон эмес. Аталган жүктөн Казакстандын бюджетине 585 млн теңге (115,2 млн сом) акциздик жыйым төлөнүшү керек.
Учурда кылмыш ишинин алкагында ыкчма-тергөө иштери жүргүзүлүп, анын жыйынтыгы менен тиешелүү процессуалдык чечим кабыл алынат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз