2027-жылы Жогорку Кеңештин чыгымдары 216 млн сомго көбөйтүлөтАлгачкы жолу Кочкордон Бишкек ЖЭБине көмүр жеткирилдиБишкекте балдардын КРВИ оорусу боюнча телефон аркылуу кеңеш берүү кызматы ишке кирди — байланыш номурларыБишкекте тактикалык страйкбол боюнча ATG 2026 эл аралык турнири өттүМинистрлер Кабинети 2027-жылы 33 млрд сомдон ашык насыя тартууну пландоодоЧүй облусунда 110 млн сомдук муздаткыч комплекси ишке берилди
ГФРдин Боден көлүндө кыргызстандык кыздын сөөгү табылды – эмнелер белгилүү
05.06.2026 | 13:12

КР Тышкы иштер министрлиги ГФРдин укук коргоо органдарына таянуу менен билдиргендей, 2026-жылдын 1-июнунда Боден көлүнөн (Германия) 24 жаштагы кыргызстандык кыздын сөөгү табылды.
«Кыргызстандын Германиядагы элчилиги окуянын бардык жагдайларын тактоо боюнча ГФРдин компетенттүү органдары менен биргеликте иш алып барууда жана маркумдун туугандары менен дайыма байланышта», — деп айтылат тышкы саясий мекеменин билдирүүсүндө.
Учурда сөөктү мекенине алып келүү үчүн зарыл болгон документтерди жол-жоболоштуруу иштери жүргүзүлүүдө, — деп жыйынтыкташты ТИМден.