Бул жакка эч кимди киргизишчү эмес! «Бишкек-Аренадагы» VIP-ложанын алгачкы кадрларыКыргызстан менен БУУ коопсуздук, тынчтык орнотуу багытындагы кызматташтыкты тереңдететСадыр Жапаров Түштүк Кореяга расмий сапар менен баратЖаратылыш ресурстары министрлиги калдыктарды кайра иштетүүчүлөрдүн реестрин түзүп, лицензиялоо иштерин жүргүзүүдөБул күндү бүткүл дүйнөнүн жаштары күткөн!Бишкектин Кронштадт көчөсү унаа кыймылы үчүн ачылды
Кыргызстандан Минсктеги мелдешке 200дөн ашык спортчу аттанат
02.08.2023 | 09:00
Беларустун борбору Минск шаарында II Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин оюндары өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Маалыматка караганда, мелдеш 4-14-август күндөрү өтөт. Ага 24 мамлекеттен 4 миңден ашык спортчу катышат. Спорттун 21 түрү боюнча 1 миң 672 комплект медаль ойнотулат.
Мелдеш баскетбол (3*3), бокс, кыз-келиндер, эркин жана грек-рим күрөшү, гандбол, көркөм гимнастика, каратэ-до, жеңил атлетика, кичи футбол, сууда сүзүү, самбо, спорттун беш түрү жарыш, жаа атуу, тайбокс, ок атуу, оор атлетика, дзюдо, волейбол, кум үстундөгү волейбол, кум үстүндөгү футбол, чөп үстүндөгү хоккей боюнча өтөт.
КМШ оюндарына Кыргызстандан спорттун 17 түрүнөн 200дөн ашык спортчу катышат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз