Кыргызстандан сыртка накталай АКШ долларын чыгарууга тыюу салынды

Кыргызстандан сыртка накталай АКШ долларын чыгарууга тыюу салынды

Улуттук банк коммерциялык банктарга, алмашуу бюролоруна, микрофинансылык жана микрокредиттик компанияларга накталай АКШ долларын Кыргызстандын чегинен тышкары алып чыгууга убактылуу тыюу салды. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.

Кыргызстанда экономикалык коопсуздукту камсыздоо жана ички валюта рыногунда жагдайды турукташтыруу максатында Улуттук банк башкармасы 11-мартта «Кыргызстандын коммерциялык банктарына, алмашуу бюролоруна, микрофинансылык жана микрокредиттик компанияларына нак чет өлкө валютасы менен операцияларды жүргүзүүдө убактылуу чектөөлөрдү белгилөө жөнүндө» токтомун кабыл алды.

«Аталган токтомго ылайык накталай чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна Улуттук банктын лицензиясына ээ Кыргызстандын коммерциялык банктарына, алмашуу бюролоруна, микрофинансылык жана микрокредиттик компанияларына 11-мартта саат 17:30дан тартып, накталай АКШ долларын Кыргызстандын аймагынан тышкары алып чыгууга убактылуу тыюу салынды», — деп айтылат билдирүүдө.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>