Баткенде мөмө-жемишти кайра иштетүүчү муниципалдык цех ачылдыКыргызстанда курулуш тармагы 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында 69,6%га өстүКыргызстанда өзгөчө абалды киргизүүнүн негиздерин кеңейтүүнү каалашат — толугу мененОш шаарында Жолон Мамытов атындагы жаңы сейил бак ачылды14-сентябрь: Кыргызстанда +33°Cка чейин ысыйт, тоо этектериндеги райондордо кыска мөөнөттүү жаан жаап, күн күркүрөйтБишкекте Улуттук шахмат академиясы ачылды
Кыргызстандык 16 балбан Казакстандагы мелдешке катышат
17.09.2024 | 09:00
Кыргызстандын грек-рим жана эркин күрөш боюнча балбандары Казакстандын Атырау шаарында өтө турган Oil Capital Cup эл аралык мелдешине катышат.
Кыргызстандан бул мелдешке 16 спортчу барат. Турнир бүгүн, 17-сентябрда башталып, 20-сентябрда жыйынтыкталат.
Биринчилерден болуп килемге грек-рим балбандары чыгат.
Грек-рим балбандары:
- Акыл Сулайманов жана Нурмухаммед Абдуллаев (60 кг)
- Раззак Бейшекеев жана Аманат Самат уулу (67 кг)
- Адилхан Нурланбеков жана Имур Темирбеков (72 кг)
- Ырыскелди Максатбек уулу (77 кг)
- Бекзат Орункул уулу (82 кг)
- Нурманбет Райымалы уулу (97 кг)
- Эрлан Манатбеков (130 кг)
Эркин күрөш боюнча балбандар:
- Алмаз Сманбеков, Бекболот Мырзаназар уулу (61 кг)
- Улукбек Жолдошбеков (65 кг)
- Эрназар Акматалиев, Өмүрбек Таалайбек уулу (70 кг)
- Нуртилек Карыпбаев (86 кг)