14-сентябрь: Кыргызстанда +33°Cка чейин ысыйт, тоо этектериндеги райондордо кыска мөөнөттүү жаан жаап, күн күркүрөйт

Кыргызгидрометтин билдирүүсүнө караганда, күндүз Нарын облусунун кээ бир жерлеринде, Ош облусунун тоо этектериндеги жана тоолуу райондорунда, ошондой эле Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тоолуу райондорунда кыска мөөнөттүү жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Ош облусунун өрөөн аймактарында, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында, ошондой эле Чүй, Талас жана Ысык-Көл облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с (секундасына 4-9 метрге жетет).
Аталган мекеменин маалыматына ылайык:
- Чүй облусунда түнкүсүн +12…+17°C, күндүз +28…+33°C;
- Талас облусунда түнкүсүн +7…+12°C, күндүз +25…+30°C;
- Ош облусунда түнкүсүн +14…+19°C, күндүз +28…+33°C;
- Жалал-Абад облусунда түнкүсүн +14…+19°C, күндүз +28…+33°C;
- Баткен облусунда түнкүсүн +14…+19°C, күндүз +28…+33°C;
- Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +9…+14°C, күндүз +23…+28°C;
- Нарын облусунда түнкүсүн +5…+10°C, күндүз +25…+30°C болот.
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. Абанын эң төмөнкү температурасы түнкүсүн +15…+17°C, эң жогоркусу күндүз +30…+32°C болот.
Чолпон-Ата шаарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз кыска мөөнөттүү жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. Абанын эң төмөнкү температурасы түнкүсүн +12…+14°C, эң жогоркусу күндүз +24…+26°C болот.