Кыргызстандык ажылардын алгачкы тобу Мединага келди

Кыргызстандык ажылардын алгачкы тобу Мединага келди

Кыргызстандык ажылардын алгачкы тобу Сауд Араб Падышачылыгынын Медина шаарына келди. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.

Маалыматка караганда, 405 жаран мейманканаларга жайгаштырылды.

«Ажылардын ден соолуктары жакшы. Буюрса бардыгы көзөмөлдө. Керектүү дарылардын бардыгы бар», — деди жарандарды коштоп келген дарыгер Нарынбек Акматов.

Ал эми ажылыкты уюштуруу штабынын жетекчиси Абибилла ажы Кадырбердиев 405 жаранды коштоп келген башчыларга жыйын өтүп, коопсуздук жана Сауд Араб Падышачылыгынын ажылыкты аткаруудагы мыйзамдарын так сактоо керектигин түшүндүрду.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>