ЖК комитети Г.Калиеваны Жогорку соттун судьялыгынан бошотту

ЖК комитети Г.Калиеваны Жогорку соттун судьялыгынан бошотту

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитетинин мүчөлөрү Жогорку соттун судьясы Гүлбара Калиеваны мөөнөтүнөн мурда ээлеген кызматынан бошотту.

Маалым болгондой, Жогорку Соттун мурдагы жетекчиси кызматтан кетүү боюнча арыз жазган.

Белгилей кетсек, 2021-жылдын 31-мартында президент Садыр Жапаров Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиеваны кызматтан убактылуу четтетүү боюнча сунушун парламентке киргизген. Жогорку Кеңеш аны канааттандырды.

Буга чейин Соттор кеңешине караштуу Тартип комиссиясы Гүлбара Калиеваны кылмыш жоопкерчилигине тартууга макул болгон. Башкы прокуратура Калиеваны кылмыш жоопкерчилигине тартуу сунушун Судьялар кеңешинин алдындагы дисциплинардык комиссияга киргизген.

Ошондой эле, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Гүлбара Калиевага карата коррупциялык иштер боюнча кылмыш иши козголгонун билдирген.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>