Кыргызстандык дзюдочу Тбилисидеги турнирде алтын медаль утту

Кыргызстандык дзюдочу Тбилисидеги турнирде алтын медаль утту

Кыргызстандын дзюдо боюнча улуттук курама команданын мүчөсү Кубаныч Айбек уулу Тбилиси шаарында өтүп жаткан Grand Slam турниринин жеңүүчүсү болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Айбек уулу 66 кг салмакта мелдештин 1/16 финалынан баштап катышты. Ал Куба, Бразилия жана Грузиянын эки спортчусун жеңип, финалга чыкты. Финалда монголиялык балбанды утуп, алтын медалга татыды.

Grand Slam турнири 24-26-мартта Грузиянын Тбилиси шаарында өтүүдө. Мелдешке 61 өлкөнүн спортчулар катышууда.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>