Ысык-Көлдө кызмат адамы жана ишкана жетекчиси кармалды

Ысык-Көлдө кызмат адамы жана ишкана жетекчиси кармалды

Ысык-Көл облусунун өнүктүрүү фондун башкаруу дирекциясынын кызмат адамы С.у.А жана «Е.С» ЖЧК подряддык ишкананын жетекчиси С.А.М. кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, дирекция тарабынан Ак-Суу районунун Үч-Кайнар айылынын суу түтүктөрүн оңдоого 9 млн 171 миң 555 сомду түзгөн тендер жарыяланып, тендердин жыйынтыгында «Е.С» ЖЧКсы менен жалпы суммасы 7 млн 67 миң 126 сомго келишим түзүлгөн.

Тергөөнүн жүрүшүндө дирекциянын кызмат адамдары менен подряддык уюмдун жетекчиси кылмыштуу макулдашууга барып, аткарылган иштердин актысы жок жалпы суммасы 7 млн сомду мыйзамсыз которгондугу аныкталган.

Ысык-Көл облусунун өнүктүрүү фондун башкаруу дирекциясынын суу түтүктөрүн оңдоо иштерин өлчөө боюнча комиссиясынын актысына ылайык, “Е.С” ЖЧКсы тарабынан аткарылган жумуштардын көлөмү 3 млн 206 миң 97 сомду түзгөн.

Аталган адамдардын мыйзамсыз аракеттеринин натыйжасында мамлекетке жалпы суммасы 3 млн 793 миң 903 сом зыян келтирилген.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>