Кыргызстанда курулуш тармагына насыя берүү 3,5 эсеге өстүКеректөө насыялары банктардын сегиз айдагы насыяларынын 45%ын түздүБишкекте мамкызматкерлерди медициналык текшерүүдөн өткөрүү боюнча пилоттук долбоор башталдыКыргызстандын банктары сегиз айда 381 млрд сомдук насыя бериштиУлуттук филармонияда «Сүймөнкул» мюзикли кайрадан коюлатЕвробиримдик Кыргызстанга билим берүү реформаларын колдоо үчүн дээрлик 600 млн сом бөлдү
Ошто 9 жашар кызды зордуктоого шектүү кармалды
26.03.2023 | 09:30
Өзгөн районунда 9 жаштагы кызды зордуктоого шектелип 16 жаштагы өспүрүм кармалды. Бул тууралуу Ош облустук милициясынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 14-мартта Өзгөн райондук милициясына 38 жаштагы Д.Х. (аял киши) аттуу шаар тургуну арыз менен кайрылган. Арызда анын 9 жаштагы кызы белгисиз жаран тарабынан зордукталганы жазылган.
Арыз кылмыштардын бирдиктүү реестирине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 155-беренеси (“Сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер”) менен кылмыш иши козголгон.
Жабырлануучуга карата соттук-медициналык экспертиза дайындалган.
Ыкчам тергөө иш-чараларынын натыйжасында кылмышка шектүү катары Өзгөн шаарынын 16 жаштагы А.О. аттуу өспүрүм кармалды. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: Жаңылыктар, Коом