Трамп АКШнын рыногуна орусиялык дизелдик күйүүчү май жеткирилерин жарыялады

10.10.2026 | 11:15
Трамп АКШнын рыногуна орусиялык дизелдик күйүүчү май жеткирилерин жарыялады — Новости Кыргызстана

АКШ президенти Дональд Трамп Орусиянын лидери Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө Америка жана дүйнөлүк рынокторго орусиялык дизелдик күйүүчү майды жеткирүү боюнча макулдашууга жетишилгенин билдирди. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Анын айтымында, Орусия токтоосуз түрдө 300 миң тоннадан ашык дизель майын жеткириши керек, дагы 500 миң тоннасын — ноябрь айынын ичинде, ал эми андан кийин кошумча бир миллион тонна берет.

Мындан тышкары, Орусиянын мунай кайра иштетүүчү заводдорунун абалына жараша дагы үч миллион тонна дизелдик күйүүчү май жеткирүү уюштурулушу мүмкүн.

Трамп бул жеткирүүлөр АКШда жана башка өлкөлөрдө дизель майынын баасынын төмөндөшүнө алып келерине ишеним билдирди. Ал күйүүчү майдын арзандашы өзгөчө америкалык фермерлер, мал чарбачылары жана алыскы каттамдын айдоочулары (дальнобойщиктер) үчүн маанилүү экенин белгиледи.

АКШ президенти Ирандын өзөктүк куралы болбошу керектигин да өзүнчө баса белгилеп өттү.

Кремль эмнени билдирди

Кремлдин маалыматына ылайык, президенттердин телефон аркылуу сүйлөшүүсү 9-октябрда болгон.

Орусия тарап Америка жана дүйнөлүк рынокторго мунай жана мунай продуктуларын жеткирүүгө даяр экенин тастыктады. Бирок Кремлдин билдирүүсүндө ташып жеткирүүнүн так көлөмү жана мөөнөттөрү айтылган эмес.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар Украинадагы чыр-чатакты жөнгө салуунун келечегин, Ирандын айланасындагы кырдаалды жана эки тараптуу мамилелерди да талкуулашты.

Сүйлөшүүнүн жыйынтыгында президенттер жеке байланыштарды, ошондой эле эки өлкөнүн администрацияларынын, атайын кызматтарынын жана башка мекемелеринин ортосундагы өз ара кызматташууну улантуу макулдашылганын ырасташты.
Scroll to Top