Боом капчыгайында 2–6-ноябрда таш түшүрүү иштерине байланыштуу кыймыл чектелетБишкекте турак үйлөрдүн 77–80%ына жылуулук берилдиАла-Арча суу сактагычынын жанынан жырткыч куштарды мыйзамсыз кармагандар аныкталдыКасымалиев чек ара жаңжалынан жабыркагандардын турак жай маселелерин толук чечүүнү тапшырдыКазакстандын премьер-министри Олжас Бектенов Кыргызстанга келдиКыргызстанда тогуз айда жол кырсыктарынан 572 адам каза болду, анын 88и жаш балдар
Келерки жылы Эгемендүүлүк күнү Нарында белгиленет
07.10.2026 | 12:06

2027-жылы Кыргыз Республикасынын Эгемендик күнү Нарын шаарында өткөрүлөт. Бул тууралуу өлкө башчы Садыр Жапаров Нарын облусунда Мамлекеттик ипотекалык компания курган турак жай комплекстерин ачып жатып билдирди.
Өлкө башчынын айтымында, келерки жылы Нарын облусун ар тараптан өнүктүрүүгө күч жумшалат.
“Мал киндиктүү Нарын жергесинде мал чарбачылыгы, туризм баштаган бир катар тармактарды өнүктүрүү пландарыбыз бар. Кудай буюрса, 2027-жылы Эгемендик күнүнө карата сиздердин облуста дагы бир топ өзгөрүүлөр, өнүгүүлөр орун алат”,- деп билдирди ал.
Эске салсак, акыркы жылдары Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнү ар облуста белгиленип келүүдө. Быйылкы, 2026-жылы, бул күн Талас облусунда майрамдалган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом