Ош: Кытай жана Тажикстан менен чектеш айылда жаңы милиция бөлүмчөсү ачылды

Ош: Кытай жана Тажикстан менен чектеш айылда жаңы милиция бөлүмчөсү ачылды

Ош облусунун Алай районундагы Сары-Таш айыл аймагында, 20-октябрда, жаңы курулган 5 бөлмөлүү айылдык милиция бөлүмчөсү пайдаланууга берилди. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлады.

Облустук милициядан билдиришкендей, жаңы имарат жеке ишкерлердин демөөрчүлүгү жана жергиликтүү бийликтин каражатынын эсебинен салынган. Айылдык милиция бөлүмчөсүнө интернет тартылып, жылуулук түтүктөрү орнотулган.

«Сары-Таш айылдык милиция бөлүмчөсү район борборунан алыскы аралыкта жайгашкан. Бул аймакта кыш мезгили дээрлик 7 айга чейин созулуп, жаратылышы катаал болуп эсептелет.

Сары-Таш айыл аймагы чыгыш тарабынан Кытай, түштүк тарабынан Тажикстан менен чектешет. Анда эмгектенген айылдык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери 3 айыл өкмөттүн 6 айылында коопсуздукту камсыз кылышат», — деп билдирет облустук милиция.

Милициянын айылдык бөлүмчөсүнүн жаңы имаратын куруу ички иштер министри Улан Ниязбековдун ички иштер органдарынын иштөө шартын жакшыртуу менен жарандарга сервисттик тейлөө көрсөтүү боюнча койгон тапшырмаларын аткаруунун алкагында ишке ашырылды. Жыл башынан бери Өзгөн, Ноокат жана Араван райондорунда да милициянын жаңы аймактык пункттары курулуп, пайдаланууга берилген.

Имараттын ачылышына Ош облустук милициянын, райондук акимчиликтин жетекчилиги, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, айыл тургундары жана Алай райондук милициянын өздүк курамы катышкан.

Облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Жеңишбек Жоробеков имаратты курууга жардам көрсөткөн жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө, демөөрчүлөргө жана коомчулукка ыраазычылык билдирип, башкармалыктын атынан сыйлыктарды тапшырган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: Милиция Ош

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>