Кыргызстандык студенттер Орусиядагы фестивалда байге утушту

Кыргызстандык студенттер Орусиядагы фестивалда байге утушту

19-августтан 31-августка чейин Россиянын Екатеринбург шаарында өтүп жаткан эл аралык университеттик спорт фестивалында кыргызстандыктар байгелүү орундарга ээ болду. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, грек-рим күрөшү боюнча кыргызстандык үч спортчу – Кыргыз медициналык стоматологиялык институтунун 3-курсунун студенти Муратбек уулу Улан (57 кг салмакта), Б. Турусбеков атындагы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын 4-курсунун студенти Бердиев Алибек Аскаралиевич (77 кг салмакта) жана Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университетинин 2-курсунун студенти Орункул уулу Бекзат (82 кг салмакта) күмүш байгеге ээ болду.

Эркин күрөш боюнча Б.Турусбеков атындагы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын студенттери Бермет Нуридин кызы (59 кг салмакта) алтын медалга ээ болсо, Дильназ Сазанова (65 кг салмакта) күмүш медалды жеңип алган.

Таймашка 36 өлкөдөн 281 университеттин өкүлү катышууда. Мелдештер спорттун 14 түрү боюнча өттү.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>