Жапаров “Барселонанын” футболчуларынын Кыргызстанга келишинин максатын айтты

Жапаров “Барселонанын” футболчуларынын Кыргызстанга келишинин максатын айтты

Жапаров “Барселонанын” футболчуларынын Кыргызстанга келишинин максатын айтты Президент Садыр Жапаров «Кабар» «Барселона» стадионунун курулушуна мамлекет тарабынан болгону 16 гектар жер берилет. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине берген маегинде билдирди.

Мамлекет башчысына: «Клооп порталы Барселона стадионун курууга УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин жакындарынын, Россиянын Росатом компаниясына тиешеси бар ири бизнесмендин аралашканын иликтеп чыкты. Макалада сиздин туугандар да аралашкан деген шек саноо да бар. Негизи эле ушул дүйнөлүк футбол клубунун Кыргызстанга келүүсүнүн башкы максаты эмне? Чоо-жайын айтып берсеңиз», — деген суроо узатылган.

Президенттин жообу:

— Ооба, Ташиев-Жапаровдор жана башка чет өлкөлүк инвесторлор бар. Мамлекетке бир тыйын зыяны жок, мамлекеттин бир тыйын акчасы менен салып жаткан жок. Мамлекеттин катыштыгы жок. Болгону 16 гектар жер берип жатабыз. Ал 16 гектар жерди Барселона академиясы 16 миң эсе актайт. Бул социалдык долбоор. 10-15 жылдан кийин биздин балдар дүйнөлүк чемпионаттарда ойной баштайт. Африкалыктардан эмнебиз кем? Биз кыргыздар да балдарыбызды ушул академияда даярдап, дүйнөлүк масштабдагы клубдарга жиберип турсак эмнеси жаман. Качан мамлекет үчүн күйгөндү үйрөнөсүңөр?

Чымындан пил жасап, жамандык эле жаза берсеңер кайсы инвестор келет? Кантип жакшылык келет? Жамандык издей берип өзүңөрдүн ичиңер деле жамандыкка толуп калат эмеспи? Ал эми Жапаров-Ташиевдердин катышы боюнча. Жалал-Абад шаарына Ташиевдер тээ мурдатан эле таштанды болуп жаткан жерди тазалап, футбол академиясын куруп башташкан экен. Ал академия азыр жаркырап бүтүп калды. 29-августта Барселона клубунун башчысы Лапорта менен биргеликте барып, аны ачабыз. Ал академияны толугу менен Бишкектеги академияга өткөрүп берели, Бишкектеги академияны силер кургула деп сүйлөшүшүптүр.

Ташиев-Жапаровдор ошол үлүш менен катышып жатышат. Ошондо Кыргызстанда эки академия пайда болот. Бирөө түштүктө, бирөө түндүктө. Жалал-Абад Бишкектеги академиянын филиалы болуп калат. Жашыра турган эч нерсе жок. Эгер Клооп баштаган башка сайттар жана башкалар биз да салабыз десе жер бергенге даярбыз. Колдорунан келсе бири Манчестерди алып келсин, дагы бири Реал Мадридди алып келип академиясын салсын. Ашыкча болбойт. Бизде салынган имараттарды көтөрүп кетишпейт.

Эгер эле 20 кабаттуу бир имаратын көтөрүп кетип бара жатышса ызы чуу салгыла. Мен токтотуп калайын. Дагы бир жолу кайталайм. Мамлекетке пайдадан башка зыяны жок. Мен Ташиев-Жапаровдорду дайыма чогултуп эскертип турам. «Балдар, мамлекетке бир тыйын зыян келтирбегиле. Саясатка, экономикага, кадр маселелерине кийлигишпегиле. Мамлекеттен сыртка ташыбай, сырттан мамлекетке ташып келип тургула. Биз мурдакылардын катасын кайталабайлы. Инвесторлорду тартып келгиле. Ошолор менен иштегиле», — деп.

 

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>