Кыргызстандык жаш спортчулар Казакстандагы турнирди жеңишти

27.12.2023 | 23:04

Бишкек шаарындагы адистештирилген атайын спорт мектебинин окуучулары Казакстанда өткөн турнирде 10 медаль жеңип алышты. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, оор атлетика боюнча адистештирилген балдар-өспүрүмдөрдүн олимпиадалык резервдеги спорт мектебинин тарбиялануучулары Казакстандын эмгек сиңирген машыктыруучусу В.Ю.Пактын жаркын элесине арналган ачык турнирге катышышты.

Мелдештин жыйынтыгы боюнча алар 10 медалга ээ болушту:

– Арсен Омуржанов  (55 кг салмакта) – 1-орун;
– Талант Туратбеков (67 кг салмакта) – 1-орун;
– Нурланбек уулу Нурчолпон (73 кг салмакта) – 1-орун;
– Жайлообек уулу Азамат (81 кг салмакта) – 1-орун;
– Курбанахун уулу Дилмурад (81 кг салмакта) – 1-орун;
– Айтегин Жолдошкулов (89 кг салмакта) – 1-орун;
– Рыскелди Алишеров (89 кг салмакта) – 1-орун;
– Арслан Молдодосов (55 кг салмакта) – 2-орун;
– Мухамед Миназаров (102 кг салмакта) – 2-орун;
– Курбанбек кызы Айдай (59 кг салмакта) – 2-орун.

Турнир 18-декабрдан 25-декабрга чейин Кокшетау шаарында (Казакстан) өткөн. Максаты – спортчулардын ортосундагы достукту чыңдоо жана жаштар арасында оор атлетиканы жайылтуу болуп саналат.

Рубрики: Жаңылыктар
Scroll to Top