Ысык-Көлдө “Хизб-ут-Тахрирдин” мүчөлөрү кармалды

Ысык-Көлдө “Хизб-ут-Тахрирдин” мүчөлөрү кармалды

Ысык-Көл ОИИБдин тергөө кызматы тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында облустук милициянын экстремизмге, мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын ыкчам кызматкерлери, Ысык-Көл облусу боюнча УКМКнын башкармалыгынын кызматкерлери менен бирдикте “Хизб-ут-Тахрир Аль-Ислами” диний-экстремисттик уюмунун идеологиясын социалдык тармактар аркылуу тараткан деген шек менен бир катар адамдарды кармашты. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, Октябрь айынын аягында Ысык-Көл ОИИБдин ЭММКАКнын ыкчам кызматкерлерине облуста бир катар жарандар тарабынан тыюу салынган «Хизб-ут-Тахрир Аль-Ислами» диний-экстремисттик уюмунун идеологиясын социалдык тармактар аркылуу таратып жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Аталган маалымат Ысык-Көл ОИИБде катталып, тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренеси (Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу) менен кылмыш иши козголгон. Козголгон кылмыш ишинин алкагында экстремисттик материалдарды таратып жаткан жарандарын өздүгүн тактоо боюнча тергөө тапшырмалары берилген.

Тергөө-ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө кылмышка шектүү жарандардын өздүктөрү аныкталган. Алар, Каракол шаарынын тургундары 33 жаштагы Х.Р. жана 50 жаштагы Т.М. болуп чыгышты. Алардын жашаган жеринен санкцияланган тинтүү иштери жүргүзүлүп, далил зат катары алынган уюлдук телефондор тиешелүү экспертизаларга жөнөтүлдү.

Экспертизанын жыйынтыгы менен алардын жүргүзүлгөн аракеттерине юридикалык баа берилет.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>