Кыргызстандык зыяратчылардын алгачкы тобу ажыга учуп кетти (сүрөт)

Кыргызстандык зыяратчылардын алгачкы тобу ажыга учуп кетти (сүрөт)

Бүгүн, 12-июнь күнү «Манас» эл аралык аэропортунда болочок ажылардын алгачкы тобу ыйык ажылык сапар үчүн аттанып кетти. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.

Аларды узатууга Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директору Тойгонбай Абдыкаров, муфтий Замир кары Ракиев, Сауд Арабиянын Кыргызстандагы элчиси Ибрахим Рооди аль Рооди, ажылыкты уюштуруу боюнча штабдын төрагасы Самидин кары жана КМДБнын ажылык жана эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы Жолдошбек ажы Абдылдаев баштаган муфтият кызматкерлери катышты.

«Ажылык жети миллион калкыбыздын ичинен сиздерге насип болуптур. Бул билгенге улуу жакшылык. Ажылык мезгилинде Сауд Арабиянын мыйзамдарын так сактап, эрежелерге баш ийиңиздер. Ажылыкка аттанган ар бириңиздерди Алла Таала чакырган болсун. Пайгамбарыбызга салам айта барыңыздар. Ыйык жайларда эли-жерибиз үчүн, мамлекетибиз үчүн ынтымак, өнүгүү сураңыздар. Меккеде Мекенибиз үчүн дуба кылыңыздар. Аман-эсен барып, сак-саламат кайтып келүүнү Жараткан насип кылсын. Сапарыңыздар байсалдуу, ибадатыңыздар кабыл болсун», – деп билдирди муфтий Замир кары Ракиев.

Муфтиятан белгилкешкендей, Сауд Арабия 2023-жылдагы ажылык үчүн Кыргызстанга 6110 квота бөлгөн. Быйыл ажыга баруунун наркы 3,9 миң долларды түзөт.

Ажыга бара тургандар Сауд Арабияга 10 топ болуп учат. Алардын ичинен 7 каттам Ош эл аралык аэропортунан аткарылат. Башкача айтканда, 2 миңдей ажы Бишкек шаарынан учса, калганы Ош шаарынан аттанат. Быйылкы жылы кыргызстандык ажыларды Jazeera авиакомпаниясы тейлөөдө.

Зыяратчылардын акыркы тобу 21-июнь күнү Ош эл аралык эропортунан жөнөп кетет.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>