Букалар сүт бере баштадыбы?, — депутат министрдин орун басарына

Букалар сүт бере баштадыбы?, — депутат министрдин орун басарына

Бүгүн, 12-июнда Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында «Сүттү сатып алуу бааларын жөнгө салуу жөнүндө» мыйзам долбоору биринчи окууда каралды.

Мыйзам долбоор өлкөдөгү сүт рыногунда баанын калыптанышын мамлекеттик жөнгө салуу максатында депутат Акылбек Түмөнбаев тарабынан демилгелеген.

Авторлор белгилегендей, Кыргызстандын сүт өндүрүү тармагында бир нече үстөмдүк кылган субъекттер бар. Бул компаниялар сүттү кайра иштетүү менен алектенишет – бааны дал ошолор белгилейт. Ошол эле учурда сүт рыногунда баа эркин түзүлөт жана КР мыйзамдарына ылайык, бул рынокто мамлекет тарабынан жөнгө салуу жүргүзүлбөйт.

Жыйында депутат Алишер Эрбаев Кыргызстандан экспорттолгон сүттүн көлөмү эки жылда эки эсе көтөрүлгөнүн айтып, анын себебин сурады.

2016-жыл 19700  тонна сүт, андан кийинки жылы 35 миң тонна сүт экспорттолуптур. Көлөмдүн эки эсе көбөйгөнүнө эмне себеп болуп жатат. Биз сырттан көп мал-жандык сатып алдыкпы? Же биздин уйлар 10 литрге чейин сүт берип баштадыбы? Же буга чейин айыл чарба министринин орун басары айткандай, биздин букалар сүт бере баштады? Буга эмне себеп болуп жатат?”, — деп сурады депутат.

Айыл чарба министринин орун басары Самат Насирдинов буга асыл тукум сүт багытындагы уйлардын келгени себеп болгонун айтты.

“Асыл тукум сүт багытындагы уйлар келип, сүт өндүрүү тармагы өсүүнү көрсөтүп жатат. Биздин прогноз боюнча жылына 100 миңден 150 миң литрге чейин кошулуп жатат. Буга ар кандай себептер болушу мүмкүн. Эң негизги себептердин бири —  климаттык шарттар, тактап айтканда көк чыгып, биздин тоют базасы көбөйдү. Ошондой эле, асыл тукум уйлардын келиши болду”, — деп жооп берди министрдин орун басары.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>