КР Билим берүү министрлиги пенсия курагындагы мугалимдерди эмне күтүп жатканын түшүндүрдүКыргызстандыктарга Казакстанга кирүү үчүн уруксат талап кылынат — жаңы эрежелерКыргызстанда ИИМдин жаңы имараттары ачылып, милициянын автопаркы жаңыландыБишкекте 18 жаштагы кыз 15 кабаттуу үйдүн терезесинен кулап түштүПольшанын премьери орусиялык боттор тууралуу билдирди, ал эми оппозиция өкмөттүн отставкасын талап кылуудаBinance хакердик чабуулдан кийин колдонуучулардын чыгымдарынын 90%ын жапканын билдирди
Кыргызстандыктар 23-февралда эс алабы? Жооп
19.02.2023 | 10:00
Келе жаткан аптада, 23-февраль – Ата Мекенди коргоочулар күнү жумушчу эмес күн болуп саналат. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин өндүрүштүк календарында айтылат.

Ошол эле учурда, 25-февраль (ишемби) иш күнү болот. Себеби быйыл жыл башында кыргызстандыктар сегиз күн катары менен эс алганда, 25-февралдагы дем алыш күнү 4-январдагы иш күнүнө которулган.
Анда өкмөттүн чечими менен беш күндүк иш жуманын графиги боюнча иштеген, мамлекеттик бюджеттен каржыланган мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардын, мекемелердин жана ишканалардын кызматкерлери үчүн 1-8-январь дем алыш күндөр болуп белгиленген:
- 2023-жылдын 9-январындагы дем алыш күнү 2023-жылдын 3-январындагы иш күнүнө которулган;
- 2023-жылдын 25-февралындагы дем алыш күнү 2023-жылдын 4-январындагы иш күнүнө которулган;
- 2023-жылдын 11-мартындагы дем алыш күнү 2023-жылдын 5-январындагы иш күнүнө которулган;
- 2023-жылдын 25-мартындагы дем алыш күнү 2023-жылдын 6-январындагы иш күнүнө которулган;
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом