Видео: Түркияда жер титирөөдөн жабыркагандар боз үйлөргө жайгаша баштады

Видео: Түркияда жер титирөөдөн жабыркагандар боз үйлөргө жайгаша баштады

Түркияда жер титирөөдөн жабыр тарткандар боз үйлөргө жайгаштырыла баштады. Бул тууралуу түркиялык «Демирөрен маалымат агенттиги» репортаж даярдаган.

Белгилүү болгондой, Кыргызстан жөнөткөн 120дан ашык боз үй Кахраманмараш шаарында тигилген. Учурда (репортаж 18-февралда чыккан — ред.) аларга жер титирөөдөн жабыр тарткандар жайгаштырыла баштап, эки үй-бүлө түнөк тапкан.

Жер титирөөдөн аман калып, үй-бүлөсү менен боз үйгө жайгашкан Али Гүвенли, кыргызстандык куткаруучуну кучактап, ыраазычылыгын билдирген.

«Коопсуз жана таза жер экен. Боз үйдүн ичи жылуу», — дейт ал.

Боз үйдө жашай баштаган жарандардын бир Дурду Айоглу да рахматын айткан.

«Жер титирөөдөн катуу коркуп, бул жакка келдик. Кыргызстандык досторго рахмат, боз үй тигишиптир. Баары аябай жакшы. Электр жарыгыбыз, жегенге баары бар. Баары сонун. Кудай колдосун», — дейт ал.

Боз үйлөрдөн тышкары, Кыргызстандан Түркияга көчмө оорукана жөнөтүлгөн. Ал жерде жети кыргызстандык дарыгер иштеп жатат. Башкы хирург Кайын Кудайбердиевдин айтымында, бул госпиталь 17 орунга ылайыкташкан.

«17 керебет бар. Бейтаптарга күнү-түнү кызмат көрсөтүүдөбүз. Төрт күндөн бери иштеп жатабыз. Күнүнө 15-20 бейтапты карап жатабыз. Учурда киши өтө көп эмес, келгендерге жардам берүүдөбүз. Жети дарыгер бар. Хирург, нейрохирург, травматолог, анестезиолог дарыгерлерибиз бар», — дейт ал.

Жер титирөөдө үйү талкаланып, аман калган Мерйем Бозкурт бул госпиталга келип, көрүнгөнүн, дарыгерлер аларды жакшы карап жатканын айтат.

«Жер титирөөдө үйүбүз кыйрады. Араң аман калдык. Бизди жакшы карап жатышат. Менин бөйрөктөрүм ооруйт. Кант диабетим, кан басымым бар. Бул жактан текшерилдик», — дейт ал.

Эскерте кетсек, 6-февралда Түркиянын түштүк-чыгышында жана Сириянын түндүгүндө катуу жер титирөөлөр болгон. Анын айынан миңдеген адамдар каза болуп, жабыр тартты.

Кыргызстан Түркияга көмөк көрсөтүү үчүн куткаруучуларды, дарыгерлерди жана гуманитардык жардам жөнөткөн.

Учурда Кыргызстандык куткаруучулар сегиз адамды куткарып, 185 кишинин сөөгүн урандылардын алдынан алып чыккан.

18-февралда Хатай провинциясынын Актакья районунда кыргызстандык куткаруучулар ата-энени баласы менен урандынын алдынан тирүү алып чыккан. Тилекке каршы, медициналык жардам көрсөтүлгөнүнө карабай, бала көз жумган.

Түркия. Кыргызстандык куткаруучулар дагы үч адамды куткарды — видео

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>