Кыргызстандыктар апрелде эки жолу үч күн катары менен эс алат

Кыргызстандыктар апрелде эки жолу үч күн катары менен эс алат

Апрель айында кыргызстандыктар эки жолу үч күн катары менен эс алат.

Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин маалыматына караганда, 7-апрелден 9-апрелге чейин (жума, ишемби жана жекшемби) күндөрү эс алуу күндөрү болот.

7-апрель — Апрель элдик революция күнү катары Кыргызстанда жумуш эмес күн болуп саналат. Буга байланыштуу 2023-жылдын 7-апрели жума күнү эс алуу күнү болот.

Мындан тышкары, Орозо айы апрель айында бүтөт. Муфтият Орозо айт майрамын белгилөө кайсы күнгө туура келерин айта элек. Болжол менен ал 21 же 22-апрелде белгиленет. Бул күн Кыргызстанда дем алыш болот.

Эгер Орозо айт 21-март, жума күнгө туш келсе, кыргызстандыктар дүйшөмбүгө чейин эс алышат. Ал эми айт 22-апрель болуп калса, анда шейшембиге чейин үч күн катары менен эс алуу күн болот.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>