Asman Airlines биринчи масштабдуу Open Day иш-чарасын өткөрдү: 100 орунга 2500 арыз түштүКаржы министрлиги ата-энелерден 2,5 млрд сом чогултулганы тууралуу маалыматты четке кактыФутбол: Бишкекте Кыргызстан менен Ливандын курама командаларынын беттеши өтөтТЭН жана инвесторлор болсо, метро курууга даярбыз — Бишкек шаарынын мэриАгартуу министрлиги Бишкекте кайсы бала бакчаларда бош орундар бар экенин маалымдадыИИМ: Кара-Суу шаардык кеңешинин төрагасы коррупцияга шектелип кармалды
Кыргызстандыктар Түштүк Кореяда сезондук жумуштарда иштей алышат
17.04.2022 | 11:27
Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчиси Аида Исмаилова Хамянг округунун Алмашуу жана кызматташуу департаментинин айыл чарба, мал чарба бөлүмүнүн башчысы Джонг Сун У башында турган делегация өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү.
Анда Түштүк Кореянын Хамянг округу менен Кыргызстандын Өзгөн районунун ортосунда түзүлгөн кызматташтык келишиминин алкагында кыргызстандыктарды сезондук айыл чарба жумуштарына тартуу программасын талкуулашты.
Жыйынтыгында беш айга созулган талаачылык иштерге тартуу үчүн 70 кыргыз жаранына квота бөлүнө турган болду. Анын негизинде кыргыз жарандары келишим мөөнөт аяктагандан кийин кайра өлкөсүнө кайтып келүүгө тийиш.
Эгер бул программа ийгиликтүү иштей баштаса, Хамянг жетекчилиги Кыргызстан жарандарын жыл сайын чакырып турат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом