Кыргызстан Түркиянын TİKA уюму менен кызматташтыкты өнүктүрөт

Бүгүн, 28-сентябрда, өлкө башчы Садыр Жапаров Түрк кызматташтык жана координация агенттигинин (TİKA) президенти Абдуллах Эренди кабыл алды. Жолугушууда уюм менен өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү жана социалдык-экономикалык, гуманитардык тармактарда биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелери талкууланды. Бул тууралуу президентин басма сөз кызматы билдирди.
Садыр Жапаров кызматташуунун саламаттык сактоо, айыл чарба лабораторияларынын инфратүзүмүн модернизациялоо, кесиптик-техникалык билим берүү жана энергетика тармагында адистерди даярдоо багыттарын белгилеген. Ошондой эле ал өлкөнүн алыскы жана тоолуу аймактарында чакан гидроэнергетика, медициналык инфратүзүм жана социалдык кызматтардын жеткиликтүүлүгү боюнча долбоорлорду ишке ашырууну сунуштаган.
Өз кезегинде Абдуллах Эрен Садыр Жапаровго Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын саламын жеткирип, Кыргызстандын социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрүнүн оң динамикасына токтолгон. Ал агенттиктин Кыргызстанда жакынкы мезгилде ишке ашыра турган долбоорлору жана мерчемделген иш-чаралары тууралуу маалымат берген.
Маалымат үчүн: Түрк кызматташтык жана координация агенттиги (TİKA) — дүйнөнүн 170тен ашык өлкөсүндө өнүктүрүү максатындагы долбоорлорду ишке ашырган Түркиянын мамлекеттик мекемеси. Агенттиктин ишмердүүлүгүнүн багыттарына саламаттык сактоо, билим берүү, айыл чарба жана инфратүзүмдү калыбына келтирүү тармактары кирет.