Заманыбыздын дагы Түгөлбайлары, Советбектери чыгат. Президенттин Каркырадагы сөзү

Заманыбыздын дагы Түгөлбайлары, Советбектери чыгат. Президенттин Каркырадагы сөзү

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 23-июлда, Ысык-Көл облусунда чыгаан жазуучу, коомдук ишмер, Кыргызстандын баатыры Түгөлбай Сыдыкбековдун 110 жылдыгынын жана Кыргыз ССРинин эл артисти Советбек Жумадыловдун 90 жылдыгынын урматына арналып өткөн салтанаттуу иш-чарага катышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө төмөнкүлөрдү белгиледи:

“Урматтуу мекендештер!

Кадырлуу меймандар!

Ардактуу агайын-туугандар, урматтуу көл кылаасынын тургундары!

Улуу кыргыз элибиз кылымдарды карыткан карт тарыхында эӊ негизги таянычы катары эреже-тартиптерден, жүрүм-турум адебинен, каада-салттын жыйындысынан куралып, улуттук дүйнөтаанымга шай келген улуттук нарк мыйзамы менен жашап, улуу дөөлөттөрдү курууга жетишкен. Керек болсо нарктын таасири эӊ жогорку деӊгээлге өсүп чыгып, хан бийлигинен нарк күчтүү болгон деңгээлге чыккан.

Азыркы учурубузда элдин көкүрөгүнө уюган улуттук нарктуулукту кайра калыбына келтирүү зарылчылыгы туулуп, ушул жылдын май айында “Улуттук нарк жөнүндө” Жарлыкка кол койгонумду билесиздер. Бул багытта бир катар иш-чаралар каралып, облустарыбызда кезек-кезеги менен “Куттуу эл” форуму өтүп келе жатат. Ата-баба наркынын кийинки муундарга өтүшүн тилеген элибиз бул нарк кербенин абдан жакшы кабылдап, жылуу пикирлери менен кошо нарк билүү, нарк күтүү, нарк сактоо багытындагы иштиктүү сунуштарын байма-бай берип келишүүдө.

Улуу журтубуздун, түпкүлүктүү элибиздин учугун улап, наркын барктап, салтын сактап өлкөгө жан дили менен берилген өрнөктүү инсандарыбыз өткөн. Мамлекеттүүлүктү бекемдөөгө үндөгөн, салымын кошкон бабаларыбыз чыккан. Мына ошондой кара башын канжыгага байлаган бабаларыбыздын аркасында бүгүн кыргыз кыргыз болуп, тарых бүктөмдөрүнө сиңип жок болуп кетпей, эгемен Кыргыз Республикасы деген ат менен дүйнөгө таанылып отурабыз. Өз доорундагы коомдук системага, башкаруу бийлигинин үстөмдүгүнө карабастан, кыргыз улутунун кызыкчылыгындагы көз карашын тайманбай айткан көк жал бабаларыбыздын иштери узун сабак болуп, ушу кезде дагы элдин оозунан түшпөй келатат. Мына ушундай кеменгер, көсөм, даанышман, Ата Журттун кең келечеги үчүн өмүрүн арнаган бабаларды эскерип, эл-жери үчүн кылган эмгектерин эмки муунга кеңири жеткирүү дагы нарк билгиликтин чоң белгиси деп эсептейм.

Бүгүн биз мына ошондой аталарыбыздын бири, кыргыз элинин сыймыгы, Кыргызстандын XX кылымдагы чыгаан жазуучусу жана коомдук ишмери, Кыргыз Республикасынын Баатыры деген эң жогорку наамдын ээси Түгөлбай Сыдыкбековдун 110 жылдык мааракесин белгилөө үчүн чогулуп олтурабыз.

Ошону менен бирге, кыргыз кино жана театр тарыхында өчпөс из калтырган легендарлуу актер, жеке эле Кыргызстандын алкагында эмес, Орто Азиянын театр сүйүүчүлөрүн таңкалдырган, уникалдуу образдарды жараткан залкар актер Советбек Жумадыловдун 90 жылдык мааракесин дагы чогуу белгилеп жатабыз. Кыргыз элинин сыймыгына айланган Түгөлбай атабыз жана Советбек абабыздын мааракелери менен жалпы Кыргызстан элин чын дилимден куттуктайм.

Мен бул улуу адамдардын өзүн көрүп, кичүү муундагы замандашы болуп калганыма абдан кубанычтамын. Айрыкча биздин муун Түгөлбай Сыдыкбековдун чыгармаларын окуп, анын рухий мурастарына сугарылып өссөк, кыргыз кино кереметтери, анын ичинде Советбек Жумадылов роль жараткан кыргыз кинолору дүңгүрөп турган кезде тамшанып көрүп калдык. Бул эки улуу инсандын чыгармалары менен жараткан ролдору бүгүнкү күнүбүздө дагы актуалдуу бойдон турат. Ошондуктан эки залкардын ар бирине, азыноолак болсо дагы, өз-өзүнчө токтолууну эп көрүп турам.

Кыргыз Эл Баатыры, улуу жазуучу Түгөлбай Сыдыкбековду жакындан билген замандаштары аны кыргыз үчүн күйгөн мекенчил инсан катары баалап, кезинде ошол улутчул көз карашы үчүн азап тарткан калемгер эле деп калышат. Чындыгында эле, Түгөлбай ата тууралуу айта турган сөз түгөнбөй турганын замандаштары бир ооздон кеп кылышат.

Заманында эл тагдырына, эне тилине кайдыгер карап тура албаган Түгөлбай Сыдыкбеков жыйырманчы кылымдагы кыргыз адабиятындагы реалисттик прозаны түптөп, аны өнүктүрүүгө зор салым кошкон. Ошон үчүн адис-окумуштуулар Түгөлбай Сыдыкбековдун тагдыры улуттук адабияттын тагдыры менен тагдырлаш деп таасын белгилегени жөн жерден эмес чыгар. Себеби улуттук адабиятыбыздын роман жанрынын калыптанышына түздөн-түз салым кошкондугу адабият чөйрөсүндөгүлөргө кеңири белгилүү.

Адабият чөйрөсү демекчи, жазуучулардын ичинен Сыдыкбековдун академик даражасын дагы өзгөчө бөлүп кароого татырлык. Анын илимий изилдөөлөргө тете болгон улуу мурасыбыз – “Манас” дастаны, Эне-Сай таш жазуулары, эне тил, руханий жан дүйнө тууралуу макалалары окумуштуулардын бүйүрүн бүгүнкү күндө дагы кызытып келет.

Түгөлбай Сыдыкбековдун “Биздин замандын кишилери” романы Улуу Ата мекендик согуштагы патриотизмди даңктагандыгы үчүн өз мезгилинин эң башкы жана кадыр-барктуу сыйлыгы болгон Сталиндик сыйлыкка – СССРдин Мамлекеттик сыйлыгына татыгандыгын кийинки муун үчүн баса белгилеп айта кетейин.

Түгөлбай атабыздын “Мен миң жыл жашадым” деген китебин көпчүлүгүңүздөр эле билесиздер, окуп чыккансыздар. Мына ошондогу аяндуу аңгемелеринен Сыдыкбеков атабыздын касиеттүү адам болгондугун жаземдебей баамдасак болот. Көргөн түшү кылган ишине төп келип-келберин аңдай билип, Жараткандын берген аянына маани берген касиет чанда эле адамдарда кездешет эмеспи.

Планетардык жазуучубуз Чыңгыз Айтматов дагы өз мезгилинде: “Сыдыкбековдун каармандары биз менен жашап, жаңы заман курууда бизге кол кабыш кылат”, — деп бекеринен белгилебесе керек.

Ошондуктан мен бүгүнкү күндө азыркы кыргыз коомуна шам чырак болуп жарык бере турган, келечекке багыт бере турган Түгөлбай атабыздын өмүрү менен чыгармачылыгына жаңы көз караштагы изилдөөлөр керектигин баса белгилеп айтып кетер элем.

Ошону менен бирге, анын чыгармаларынын толук жыйнагын топтоштуруп кайра басып чыгаруу, жарыяланбай калган чыгармаларын элге жеткирүү, анын кол жазмаларын электрондоштуруу сыяктуу бир топ иштерди аткаруу биздин абийирибиздеги маселе экенин да кошумчалай кетели. Себеби Сыдыкбеков сыяктуу аты тарыхта алтын тамгалар менен жазылып калган инсандардын кийинки муунга калтырып кеткен мурастарын, аманаттарын аткарууну мамлекет жетекчилеринин мойнундагы парз катары кабылдашыбыз керек.

Айрыкча Түгөлбай атанын “Тил – улуттук маданият, улуттук байлык, улуттук мурас” деп таамай айткан таасын сөзү менен бул улуттук байлыгыбызды өөрчүтүп-өстүрүү, асырап-багуу үчүн тилдин тазалыгы, ийкемдүүлүгү, жалпыга түшүнүктүү болушу үчүн стилдин тактыгы, сөз байлыгы, анын өзгөчөлүгү, сөздүн өтмө, каймана маанилери жана алардын ички касиеттери жөнүндө кызматкерлерге кадимкидей сабак окутуу боюнча; ЖМК өкүлдөрү баштаган сөз менен иштеген бардык тараптардын катышуусунда республикалык илимий кеңешме өткөрүү боюнча; адабий тилдин байышы, илимий-техникалык, илимий-философиялык, коомдук-географиялык терминдердин такталышы боюнча пикир алмашуулар болуп, иш жүзүндө колдонулгудай жыйынтык чыгаруу боюнча айтып кеткендерин аманат катары кабыл алып, жүзөгө ашырууну колго алуубуз кажет. Бул биздин милдетибиз бүгүнкү күндө. Себеби, Түгөлбай Сыдыкбеков атабыз айткандай, ар бир элдин башкы маданияты да, анын колундагы курч куралы да – эне тилинде.

Эми кыргыз кино жана театрынын өчпөс чолпон жылдызы, легендарлуу актер СОВЕТБЕК ЖУМАДЫЛОВГО азыноолак токтоло кетейин.

Заманында “кыргыз керемети” деген сыймыкка татыган кыргыз кинематографиясы дүйнөгө дүңгүрөп таанылганы менен кыргыз эли сыймыктанып келебиз. Белгилүү режиссёрлор Мелис Убукеев, Болот Шамшиев, Төлөмүш Океев, Дооронбек Садырбаев, Геннадий Базаровдор элибизге эмне деген мыкты кинофильмдерди тартуулашкан. Мына ушул кыргыз киносу жөнүндө сөз кылганда белгилүү актёрлорубуздун аттарын атабай кое албайбыз. Кыргыз театр жана кино искусствосунда Муратбек Рыскулов, Болот Бейшеналиев, Бакен Кыдыкеева, Таттыбүбү Турсунбаева, Сабира Күмүшалиева, Сүймөнкул Чокморов, Советбек Жумадылов, Орозбек Кутманалиев сыяктуу таланттар нукура улуттук образдарды жаратышкан.

Мына ушул залкарлардын ичинен бүгүн биз сөз кыла турган Советбек Жумадылов агабыз театрда да, кинотасмада да ар тараптуу ролдорду чеберчилик менен аткарып, унутулгус образдарды ачып берген.

“Дарак бир жерден көгөрөт” деген накыл кеп дал ушул Советбек агабызга айтылгандай туюм калтырат. Себеби Советбек Жумадылов Ташкент шаарындагы А.Н.Островский атындагы Мамлекеттик театр өнөрү институтун 1953-жылы аяктаган соң, Кыргызстанга кайтып келип, азыркы Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрына кабыл алынып, өмүрүнүн аягына чейин дээрлик жарым кылымга жакын ушул жерде эмгектенген экен.

Ал жалпы жонунан 40тай тасмага тартылып, ар биринде кайталангыс образдарды жаратып кетти. Алардын баарын тизмектеп отуруунун кажети деле жок, анткени “Ак-Мөөр”, «Караш-Караш ашуусунда атылган ок», «Ысык-Көлдүн кызгалдактары», «Көчө», “Акжолтой” жана башка кыргыз тасмаларын көргөнүбүздө, кыргыз киносунун чоң классиги, белгилүү актер Советбек Жумадылов таанылбай калышы мүмкүн эмес.

Спектаклдерде роль жаратканда анын ар бир сөзү, дикциясы, жанга жагымдуу үнү көөдөнүнөн, жүрөгүнүн түпкүрүнөн чыгып, көрүүчүлөрдү эле эмес, ошол эле өнөр адамдарын өздөрүн да суктандырып турган. Советбек Жумадылов театрда болобу же кинодо болобу, трагедия же комедия дебей, ролдорунун баарын ийине жеткире аткаргандыгы менен театр жана кино сүйүүчүлөрүнө абдан чоң таасир калтырган. Кесиптештери Советбек агабыз жалаң эле башкы каармандар эмес, эпизоддук кичине ролдорду дагы эстен кеткис кылып жараткандыгын белгилеп, бул анын чыгармачылыкка жүрөгү менен берилип иштегендигинин белгиси катары баа беришет.

Анын актердук таланты театрга караганда кинодо өтө терең жана ар тараптуу ачылган экен. Кыргыз кинокорифейи, белгилүү кинорежиссер Болот Шамшиев расмий аталышы “Касиеттүү Ысык-Көл”, эл арасында “Ысык-Көлдүн кызгалдактары” деген ат менен кеңири таанылган көркөм тасмасында Советбек Жумадылов башкы терс каарман Байзактын ролун өтө чеберчилик, ушунчалык берилүү менен аткарганын көргөндө, “жакамды кармадым” деп эскерип, Жумадылов менен Чокморов экөө тең гениалдуу актерлор болгонун айткан жайы бар.

Ошондой эле чоң-чоң режиссерлор деле өз эскерүүлөрүндө “Советбек Жумадылов менен иштешүү өтө жеңил, өзүнчө эле ыракат болчу, жада калса репетиция да кылчу эмеспиз, бири-бирибизди көзүбүздөн эле түшүнчүбүз” деп белгилешкенинин өзү эле Советбек агабыздын чыныгы кесипкөйлүгүнөн кабар берип турбайбы.

Ал эми Италиянын, Германиянын белгилүү шаарларында, Орусиянын Ленинград жана башка жерлердеги эл аралык фестивалдарда бир катар сыйлыктарга ээ болгон «Бакайдын жайыты» көркөм тасмасын азыр да тамшанып көрөбүз. Көптөгөн кино сынчылар “Бакайдын жайытында” роль жараткан актерлорго баа беришип, алардын ар бири чоң университет болгонун белгилешкен. Албетте, мындай жогорку баага Советбек Жумадылов агабыз да татый тургандыгында шек жок.

Советбек агабыз ролдорун эң жогорку актердук чеберчилик менен аткарган, көзүнүн тирүүсүндө эле кыргыз сахна өнөрүнө даңаза болгон инсан экени талашсыз.

Аны жакындан таанып-билген кесиптештери, санаалаштары терс каармандардын образын мыкты жаратса да, анын жашоодо ак көңүл, баарына бирдей мамиле кылган жөнөкөй адам болгонун, жараткан образдарына жасалмасы жок эле жуурулушуп кеткенин айтып, адамдык сапаты жогору болгонун баса белгилеп эскеришет.

Урматтуу мекендештер!

Биз, кыргыз эли – Сыдыкбеков жана Жумадылов өңдүү улуу инсандарыбыз менен улутташ, мекендеш болгон бактылуу элбиз!

Түгөлбай Сыдыкбековдун, Советбек Жумадыловдун жана анын санаалаштарынын бизге калтырган улуу мурастарын аздектеп сактайлы! Алардын жолун улап жаткан бүгүнкү күнүбүздөгү таланттарды барктай билели. Эл, жер, Ата Мекен үчүн күйгөн, алардын өнүгүп-өркүндөшүнө салым кошкон улуу инсандарыбызды көкөлөтүп алганда гана биздин заманыбыздын дагы Түгөлбайлары, Советбектери чыгат деп бекем ишенем. Өнүгүү ошондо болот, биримдик ошондо артат. Ар тараптан өнүккөн Кыргызстан ошондо курулат!

Мына ушундай асыл максаттарга жетүү менен маданият тармагыбыздын арышын арбытып, кулачын кеңейтебиз.

Дагы бир жолу Түгөлбай Сыдыкбеков атабызды 110 жылдык, Советбек Жумадылов агабыздын 90 жылдык мааракеси менен жалпыңыздарды куттуктайм.

Эң башкысы ынтымак болсун! Ынтымак бар жерде ырыс бар!

Жараткан жергебизге тынчтык берсин!

Көңүл бурганыңыздар үчүн чоң ыракмат!”.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>