Кыргызстандын 20 мамлекеттик кызматкери Жапонияда жогорку билим алат

05.08.2026 | 17:24
Кыргызстандын 20 мамлекеттик кызматкери Жапонияда жогорку билим алат — Новости Кыргызстана

Быйыл Жапония өкмөтүнүн JDS долбоорунун алкагында Кыргызстандын 20 мамлекеттик жана муниципалдык кызматкери аталган өлкөгө билим алууга жөнөп жатат. Алардын 19у магистратура, бирөө докторантура программасы боюнча окушат. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Бүгүн, 5-августта, Минкаб төрагасынын орун басары Улан Маматканов стипендиаттар менен жолугушуу өткөрүп, Жапониянын элчилигине, JICA жана JICE уюмдарына кызматташтык үчүн ыраазычылык билдирди. Ал билимдүү жана кесипкөй кадрларды даярдоо мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыты экенин баса белгиледи.

«Жакында эле Кыргызстан менен Жапониянын ортосунда JDS программасын улантуу боюнча келишимге кол коюлуп, бул максатка 381 млн иен өлчөмүндө грант бөлүндү. Бул грант – мамлекеттик кызматкерлерибиздин билимине жана мамлекеттик башкаруу системасынын өнүгүшүнө салынган инвестиция», — деди Улан Маматканов.

Минкабдын маалыматында, 2006-жылдан бери ишке ашырылып келе жаткан бул программа аркылуу Кыргызстандын 300дөн ашуун кызматкери Жапонияда билим алууга мүмкүнчүлүк алышкан.

Scroll to Top