Кыргызстанда 1-октябрдан тарта пенсия канчага көбөйөт — сандар

05.08.2026 | 17:36
Кыргызстанда 1-октябрдан тарта пенсия канчага көбөйөт — сандар — Новости Кыргызстана

Кыргызстанда 1-октябрдан тарта минималдуу пенсия 8 миң 800 сомго чейин көбөйүп, ал эми пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү 20%га өсөт. Бул тууралуу Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев билдирди.

Анын айтымында, учурда өлкөдө пенсиянын орточо өлчөмү 13 миң 170 сомду түзөт. Бул сумманын 3 миң 170 сому базалык бөлүккө, ал эми 10 миң сому камсыздандыруу бөлүгүнө туура келет.

Алиев түшүндүргөндөй, көбөйтүү пенсиянын камсыздандыруу бөлүгүнүн өлчөмүнө гана карап эсептелет. Маселен, камсыздандыруу бөлүгү 10 миң сом болсо, ага 2 миң сом кошулат, 15 миң сом болсо — 3 миң сом, 20 миң сом болсо — 4 миң сом, ал эми 50 миң сом болсо — 10 миң сом кошулат.

Ошол эле учурда, пенсияга кошула турган каражаттын максималдуу чеги 10 миң сом болуп белгиленет, — деп кошумчалады Соцфонддун жетекчиси.

«Эгерде пенсиянын өлчөмү 100 миң сомду түзсө, анда 20% индекстөөнү эске алганда ага 20 миң сом кошулушу керек эле. Бирок коюлган чектөөдөн улам 10 миң сом гана кошулат», — деп тактады Алиев.

Ал 1,5 миңдей кыргызстандык 50 миң сомдон ашуун пенсия аларын кошумчалады.

«100 миң сомдон ашык алгандар да бар. Көпчүлүк аларды мамлекеттик кызматкерлер деп жаңылыш ойлошот. Бирок андай эмес. Негизинен булар — коммерциялык уюмдардын, банк тутумунун жана башка тармактардын кызматкерлери», — деди Алиев. Ошондой эле ал пенсиянын өлчөмү төлөнгөн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммасынан көз каранды экенин эске салды.

Соцфонд жетекчисинин маалыматы боюнча, пенсияларды көтөрүү үчүн 2026-жылдын IV чейрегинде 4,4 миллиард сом, ал эми 2027-жылы — 17,6 миллиард сом талап кылынат. Бул максаттарга Пенсиялык фонддон жалпысынан 22 миллиард сом каралган.

Scroll to Top