Казакстандын Коргоо министрлиги казакстандыктарды аскердик техниканын кыймылы тууралуу эскертти

Казакстандын Коргоо министрлиги жарандарды август жана сентябрь айларында аскердик техниканын жана өздүк курамдын которулушу (кыймылы) тууралуу эскерткенин, жергиликтүү ЖМКлар мекеменин басма сөз кызматына таянып билдиришти.
Анын маалыматы боюнча, «Батыл тойтарыс – 2026» стратегиялык командалык-штабдык машыгуусун даярдоо жана өткөрүү алкагында өлкө аймагы боюнча курал-жарак, аскердик техника жана өздүк курам күжүрмөн даярдыктан өтүүчү райондорго жеткирилет.
«Аскерлерди которуу аралаш ыкма менен ишке ашырылат: темир жол эшелондору, жалпы пайдалануудагы жолдор аркылуу автоунаа колонналары менен, ошондой эле фронттук жана армиялык авиацияны колдонуу аркылуу жүргүзүлөт», — деп айтылат маалыматта.
Машыгуулар өлкөнүн бардык аймактарындагы полигондордо өтөрү белгиленет. Аскер кызматкерлери кургактыкта, абада, деңизде жана кибермейкиндикте аскерлерди колдонууну жана Куралдуу күчтөрдүн ар кандай түрлөрүнүн ортосундагы өз ара аракеттенүүнү машыгуудан өткөрүшөт.
Мекеме бардык иш-чаралар пландуу мүнөзгө ээ экенин жана армиянын күжүрмөн даярдыгын жогорулатууга багытталганын баса белгиледи. Буга байланыштуу Коргоо министрлиги жарандарды жана ЖМК өкүлдөрүн сабырдуулукту сактоого, расмий маалыматка гана ишенүүгө жана текшерилбеген маалыматтарды таратпоого чакырды.
Ошондой эле, атайылап жалган маалымат тараткандыгы жана чындыкка дал келбеген маалыматтарды жарыялагандыгы үчүн Казакстандын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик каралганы эскертилди.