Кыргызстанда курулуш тармагына насыя берүү 3,5 эсеге өстүКеректөө насыялары банктардын сегиз айдагы насыяларынын 45%ын түздүБишкекте мамкызматкерлерди медициналык текшерүүдөн өткөрүү боюнча пилоттук долбоор башталдыКыргызстандын банктары сегиз айда 381 млрд сомдук насыя бериштиУлуттук филармонияда «Сүймөнкул» мюзикли кайрадан коюлатЕвробиримдик Кыргызстанга билим берүү реформаларын колдоо үчүн дээрлик 600 млн сом бөлдү
Футбол: 19-августта Кыргызстандын Суперкубогу үчүн «Барс» жана «Дордой» клубдары беттешет
17.08.2026 | 11:52

19-августта Бишкек шаарындагы «Алга» спорт комплексинде футбол боюнча 2026-жылдагы Кыргыз Республикасынын Суперкубогу үчүн оюн өтөт. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдиги билдирди.
Башкы байге үчүн өлкөнүн учурдагы чемпиону, Караколдун «Барс» клубу жана 2025-жылкы өлкө Кубогунун ээси болгон Бишкектин «Дордой» командасы күч сынашат. Беттеш саат 20:00дө башталат. Билеттер онлайн кассаларда жеткиликтүү.
Кыргызстандын Суперкубогу үчүн мелдештер 2011-жылдан бери уюштурулуп келет. «Дордой» клубу бул титулга буга чейин 6 ирет ээ болгон.
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт