14-сентябрь: Кыргызстанда +33°Cка чейин ысыйт, тоо этектериндеги райондордо кыска мөөнөттүү жаан жаап, күн күркүрөйтБишкекте Улуттук шахмат академиясы ачылдыИран Ормуз кысыгын ачуу үчүн АКШга жети шарт койду«2028-жылы баарыңыздарды күтөбүз»: Татарстандан келген ансамбль кыргызстандыктарга кайрылуу жасады«Vefa» соода борборунда эскалатордон кулап түшкөн бала ооруканадан чыгарылдыБРИКС өлкөлөрү Нью-Дели декларациясын бир добуштан кабыл алышты — негизгилери
Кыргызстандын аймактарында жер титиреди
28.03.2025 | 09:44
Бүгүн, 28-март күнү өлкөнүн түндүк жана түндүк-батыш аймактарында жер титирөөлөр катталды. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Бүгүн саат 04:42де Талас облусунун Талас районунун Көпүрө-Базар айылында 6 балл, Бишкек шаарында болжол менен 4 баллга чейин сезилген жер титирөө катталды. Жер титирөөнүн очогу Казакстандын аймагында катталып, күчү 6 баллга чейин жеткен.
Мындан тышкары таңкы саат 07:17де Кыргызстандын аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды.
Силкинүү Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Аркит, Жылгын, Тегирмен-Сай, Жол-Сай, Ит-Агар айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.
Алдын ала маалыматтар боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар