Саясат таануучу Денис Борисов Кыргызстандын трансформациясына баа бердиЭмгек министрлигинин алдында Миграция маселелери боюнча департамент түзүлдүМинск шаарындагы сейил бакка орнотулат. Чыңгыз Айтматовдун айкелин жасоого сынак жарыяландыКыргызстанда жасалма интеллект жараткан контентке белги коюуну (маркалоону) милдеттендирүү каралуудаБишкекте орус үйүнүн күнүнө 2000ден ашык бишкектик катыштыКыргызстандын экономикасы банк тутумунан тез өнүгүүдө: эксперттин пикири
Эми жеке ассистенттерге бир үй-бүлөдөгү ар бир майыптыгы бар адам үчүн өз-өзүнчө акы төлөнөт
08.09.2026 | 16:17

Кыргызстанда майыптыгы адамдарды караган жеке ассистенттердин кызмат акысын төлөө тартиби өзгөртүлдү. Ага ылайык, бир жеке ассистент бир үй-бүлөдөгү эки же андан көп майыптыгы бар адамга кам көргөн учурда, ага ар бир адам үчүн акы толук өлчөмдө төлөнөт. Жаңы эрежелер 1-сентябрдан тарта күчүнө кирди.
Эмгек министрлигинин маалыматында, учурда жеке ассистенттин кызмат акысы 8 миң 697,32 сомду түзөт.
Ошондой эле токтом менен төлөмдөрдү камсыз кылууда дагы төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилди:
- Жеке ассистенттер үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүн Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин аймактык башкармалыктары түз салык кызматына которот. Буга чейин ассистенттер камсыздандыруу полисин өздөрү сатып алып келишкен.
- Кызмат алуучулардан аз камсыз болгон үй-бүлөнүн социалдык паспортун талап кылуу жоюлду. Бул кызмат үй-бүлөнүн кирешесине карабастан көрсөтүлөт.
Жаңы тартип туруктуу көзөмөлгө муктаж болгон майыптыгы бар балдарга жана 18 жаштан жогору бала кезинен I топтогу майыптыгы бар адамдарга тиешелүү. Төлөмдөр үчүн каражаттарды Бюджеттик пландаштыруу жана каржылоо башкармалыгы ай сайын бөлүп берип турат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом
Теги: майыптуулук