Минкаб күйүүчү майдын баасын турукташтыруу үчүн субсидиялоо маселесин кароодо

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев ири нефтетрейдерлердин катышуусунда кеңешме өткөрүп, анда күйүүчү майдын баасын ооздуктоо чараларын талкуулады. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Кеңешмеде Министрлер кабинети мунай заттын баасын кармоо үчүн мамлекеттик түз субсидиялоо маселесин караштырып жатканы белгилүү болду.
Өкмөттүн маалыматында, бул чаралар Жакынкы Чыгыштагы кырдаалдан улам өскөн мунай заттарынын баасынын ички рынокко тийгизген терс таасирин азайтууга багытталган. Адылбек Касымалиев учурда ички запастардын эсебинен баалардын кескин көтөрүлүшүнө жол берилбей жатканын белгилеп, нефтетрейдерлерди жогорку социалдык жоопкерчиликти көрсөтүүгө чакырды.
Кеңешменин жыйынтыгында Монополияга каршы кызматка мунай базаларындагы запастарга жана баага күнүмдүк мониторинг жүргүзүү тапшырылган. Энергетика министрлигине резервдерди толуктоо жана үзгүлтүксүз жеткирүүнү камсыз кылуу милдети жүктөлгөн. Ошондой эле жасалма тартыштык жараткандарга жана бааны ашыкча жогорулаткандарга каршы катуу чаралар көрүлөрү эскертилген.