Сыймык Жапыкеев кыргыз тили боюнча тестти экинчи аракетинде тапшырдыТүнкүсүн үшүк жүрүп, күн ачык болот: 25-октябрга карата аба ырайыБишкекте аймактын келечегине арналган ири эл аралык форум өттүАкжол Махмудов Астанадагы күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын жарым финалына чыктыМСК Душанбе шаарында салыктык башкарууда ЖИ колдонуу тажрыйбасын тааныштырдыЛионель Месси Астурия принцессасынын сыйлыгынын лауреаты болду
Сокулуктагы эс алуу жайында өрт чыкты
27.05.2026 | 10:05

Кечээ, 26-майдын кечинде Чүйдүн Сокулук районунун Ак-Жол айылындагы «Загородная усадьба» эс алуу жайында өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) облустук башкармалыгы билдирди.
Өрт тууралуу маалымат саат 23:00 чамаларында түшкөндөн кийин окуя болгон жерге жалпы үч бөлүм, штаб жана ӨКМнын Чүй башкармалыгынын ыкчам тобу тартылган.
Жалын саат 00:03тө чектөөгө алынып, 00:57де толук өчүрүлгөн. Өрттүн жалпы аянты болжол менен 150 чарчы метрди түздү. Мекеме окуянын кесепетинен жабыркагандар жок экенин билдирди. Учурда өрттүн келип чыгуу себептерин териштирүү иштери жүрүүдө.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар
Теги: Чүй