Кыргызстандын футболчулары Ташкентте Өзбекстандын курама командасы менен беттешет

Кыргызстандын футболчулары Ташкентте Өзбекстандын курама командасы менен беттешет

29- 30-мартта Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Ташкентте Өзбекстандын курама командасы менен эки жабык контролдук беттеш өткөрөт. Бул тууралуу Кыргызстандын футбол союзу билдирди.

Маалым болгондой, жолугушуулар 10-апрелден 13-апрелге чейин Бишкек шаарында өтө турган Азия Кубогунун тандоо туруна даярдык көрүү максатында өткөрүлөт. 10-марттан 28-мартка чейин команда Чолпон-Ата жана Бишкек шаарларында да машыгууларды өткөрдү.

Кыргызстандын курама командасынын курамы: дарбазачылар – Улукбек Абдылдаев, Бекболот Акматалиев.

Талаа оюнчулары: Айдар Абдыжалил уулу, Абдурахим Данияр уулу, Азамат Дөлөткелдиев, Азамат Исабеков, Азат Исабеков, Кайрат Кубанычов, Максат Алимов, Манас Абдрасулуб, Улан-Холдаев Аскарбеков, Нурсултан Абдылдаев , Саламат Мамбеталиев, Шохрух Махмадаминов.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>