Каракол шаарында жапон маданиятынын күндөрү өтөт«Өмүр менен өлүмдүн ортосунда»: Эдуард Кубатов — К2, Эверест жана элес тууралууСурабалдиева депутаттарга орой мамиле кылган чиновниктерге нааразы болдуКыргызстанда жаш манасчылардын республикалык кароо-сынагы өтөтБишкекте курулуш люлькасынын кулашы: компанияга 200 миң сом айып салындыМинистрлер кабинети 2026-жылдын тогуз айындагы иштин жыйынтыгын чыгарды
Кыргызстандын Ирандагы жаңы элчиси дайындалды
12.11.2025 | 10:09

Акылбек Кылычев Кыргызстандын Ирандагы элчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Тиешелүү жарлыкка өлкө башчы Садыр Жапаров кол койду.
Ошондой эле ушул эле жарлык менен Кылычев Тегеран шаарындагы Экономикалык кызматташтык уюмундагы Кыргызстандын туруктуу өкүлү болуп дайындалды.
59 жаштагы Кылычев – тарых илимдеринин доктору, профессор. Ал буга чейин Тышкы иштер министрлигине караштуу Дипломатиялык академиянын ректору кызматында иштеген.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат