Шакира 18-октябрда Бишкекте концерт берет — билеттер 1-октябрда сатыла баштайт«Бишкекгаз» Ленинское айылында 30-сентябрдан 2-октябрга чейин газ берүүнү токтототКыргызстанда санариптик далилдерди мыйзамдаштырып, виртуалдык активдерге камак салуу сунушталуудаБишкекте үй-тиричилик товарларын жана техникаларын чыгарган өндүрүштүк аянтча ачылдыКыргызстанда кайсы өсүмдүктөрдү жыйноого, колдонууга жана сатууга болбойтБишкектеги Г. Айтиев атындагы музейде байыркы кол жазмалар тууралуу лекция өтөт
Кыргызстандын Министрлер кабинети «Кемин – Балыкчы» электр берүү чубалгысын курууну каржылоону макулдашты
03.02.2026 | 17:14
Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети 500 кВ чыңалуудагы аба электр берүү чубалгысын куруу долбоорун ишке ашыруу үчүн Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕӨБ) менен насыялык жана гранттык макулдашуулардын долбоорлорун жактырды.
Чубалгы иштеп жаткан «Кемин» көмөк чордонун жаңы «Балыкчы» көмөк чордону менен бириктирет. Кабыл алынган документке ылайык, республиканын каржы министрине макулдашууларга кол коюу укугу берилди, мында принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жол берилет.
Долбоорду каржылоо көлөмү насыя түрүндө 61,7 млн еврого чейин жана ЕӨБ Акционерлеринин атайын фондунан грант түрүндө 3 млн еврону түзөт. Долбоорду ишке ашыруу менен «Кыргызстандын улуттук электр тармагы» уюму алектенет.