Президент Кыргызстанда жаңы авиакомпанияларды каттоого коюлган мораторийди алып салдыТогуз айда Кыргызстанда өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 685,4 млрд сомду түздүСадыр Жапаров Бишкекте ТҮРКПАга мүчө өлкөлөрдүн парламент спикерлерин кабыл алдыБишкекте скульптор Виктор Шестопалдын юбилейлик көргөзмөсү өтөтЧет өлкөлүк капиталы бар ишканалар 2025-жылы 109 млрд сом пайда таптыНарын дарыясында мыйзамсыз балык уулаган жарандарга айып пул салынды
Кыргызстандын өкүлдөрү Кремлде «Романсиаданын» юбилейлик концертинде өнөр көрсөтүштү
03.02.2026 | 17:19
Москвадагы Мамлекеттик Кремль сарайында «Романсиада» эл аралык сынагынын 30 жылдыгына жана Орус романсы күнүнө арналган салтанаттуу концерт болуп өттү. Сахнада таанымал чеберлер да, ар кайсы өлкөлөрдөн келген жаш аткаруучулар да өнөрлөрүн тартуулашты.
Көрүүчүлөрдүн көңүлүн Беловодское айылынан келген 11 жаштагы Арсен Мухтарбековдун — сынактын Гран-присинин эң жаш ээсинин (2025-жыл) чыгышы бурду. Кремлде ал «Brevis» балдар хорунун коштоосунда Сафия Холова (Тажикстан) жана Иван Котлов (Орусия) менен биргеликте «Романсиаданын» гимнин эл аралык курамда аткарды. Кыргызстандын дагы бир өкүлү катары эмгек сиңирген артист Тилек Найманбаев катышып, Калый Молдобасановдун «Селкиге» романсын аткарып берди.