Акыйкатчы институту кыйноолордун алдын алуу боюнча бир айлык жарыяладыЖергиликтүү бийликти калк менен тыгыз кызматташууга милдеттендирген жарлыкка кол коюлдуКыргызстан Бакуда балык тармагына мониторинг жүргүзүүнүн санариптик тутумун тааныштырдыУлуттук банк эсептик ченди 12% деңгээлинде калтырды28-майда Бишкектин эки аймагында ичүүчү суу өчүрүлөтКыргызстан менен Тажикстан айыл чарба тармагында кызматташуу боюнча «жол картасын» түзөт
Садыр Жапаровдун боштондугун талап кылган жаран оозун тигип алып Кыргызстандын Орусиядагы элчилигине барды
27.02.2020 | 09:52
Кыргызстандын Москвадагы элчиликке эркек киши оозун тигип алып барган. Ал саясатчы Садыр Жапаровду абактан чыгаруусун талап кылган. Бул тууралуу Mash телеграмм каналы маалымдады.
Саламан уулу Жаныбек ал өзү оозун тигип алып, жалгыз митингге чыккан. Ал плакатка « Садыр Жапаровго боштондук, мен өлкөм үчүн ачкачылык жарыялайм, жаркын келечек үчүн» деп жазып алган.
Элчиликтин алдында Саламан уулун милиция кызматкерлери алып кетишкен.
Эске салсак, Садыр Жапаров 2013-жылы Караколдо өткөн митингде Ысык-Көлдүн ошол кездеги губернатору Эмилбек Каптагаевди «барымтага алган» деген айып менен 11 жыл алты айга кесилген. Өткөн жылдын апрель айында Жогорку сот анын жаза мөөнөтүн 1,5 жылга кыскартып, он жылын калтырган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом