Кыргызстандын мурдагы башкы прокурору Камбаралы Конгантиев дүйнөдөн кайтты

01.08.2026 | 13:52
Скончался экс-генпрокурор Кыргызстана Камбаралы Конгантиев — Новости Кыргызстана

2026-жылдын 31-июлунда Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи, Кыргызстандын мурдагы башкы прокурору жана Жогорку Кеңештин III чакырылышынын депутаты Камбаралы Ташболотович Конгантиев 80 жаш курагында дүйнөдөн кайтты.

Камбаралы Конгантиев 1947-жылдын 1-январында Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарында туулган. 1974-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин юридика факультетин аяктаган.

Ал өзүнүн эмгек жолунун басымдуу бөлүгүн мыйзамдуулукту жана мамлекетти чыңдоого арнаган. Прокуратура органдарында эмгектенип, Ысык-Көл облусунун прокуратурасында улук тергөөчү, Пржевальск шаарынын прокурору болуп иштеген. Кийинчерээк Кыргыз ССРинин прокурорунун орун басары, андан соң Бишкек шаарынын прокуратурасында жооптуу кызматтарды аркалаган.

Конгантиев ошондой эле Кыргызстандын Финансы полициясынын түптөлүшүнө салым кошкон. Жаңы түзүлгөн мекемеде тергөө багытын жетектеп, экономикалык жана финансылык кылмыштарды иликтөө системасынын калыптанышына катышкан. Ошондой эле көп жылдар бою Жогорку Кеңеште юридикалык бөлүмдүн башчысы болуп иштеп, мыйзам чыгаруу ишмердүүлүгүн укуктук жактан камсыздаган.

2005-жылдын март айында Жогорку Кеңештин III чакырылышынын депутаты болуп шайланып, конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, мыйзамдуулук, сот-укуктук реформа жана адам укуктары боюнча комитетти, ошондой эле парламенттин ишин уюштуруу, регламент жана депутаттык этика маселелери боюнча комитетти жетектеген.

2005-жылдын ноябрынан 2007-жылдын мартына чейин Кыргыз Республикасынын башкы прокурору кызматын аркалаган. Кийинчерээк президенттин жана өкмөттүн Жогорку Кеңештеги өкүлү, президенттин кеңешчиси болуп иштеп, «Ата-Журт» саясий партиясынын саясий кеңешинин курамына кирген.

Мамлекеттик кызматтагы көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн Камбаралы Конгантиевге «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи» ардак наамы ыйгарылган. Ал мамлекеттик кызматтын 1-класстагы кеңешчиси класстык ченине ээ болуп, «Эмгектеги каармандыгы үчүн» медалы, Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы жана I даражадагы «Петр Великий» коомдук ордени менен сыйланган.

Коштошуу зыйнаты 2-август, жекшемби күнү саат 09:30да Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын алдында өтөт.

Scroll to Top