Саламаттык сактоо министрлиги санариптик сервистерди өнүктүрүүнү тапшырды

01.08.2026 | 14:50
Саламаттык сактоо министрлиги санариптик сервистерди өнүктүрүүнү тапшырды — Новости Кыргызстана

Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов «Түндүк» ААКнын Санариптик саламаттык сактоо жана социалдык коргоо департаментинин директору Чыңгыз Бексултанов жана департаменттин кызматкерлери менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө Чыңгыз Бексултанов министрге саламаттык сактоо системасын санариптик трансформациялоо боюнча долбоорлордун ишке ашырылышы, Саламаттык сактоо ресурстарын башкаруунун улуттук маалыматтык системасын (НИСУР) өнүктүрүү, жаңы мамлекеттик санариптик сервистерди киргизүү, ошондой эле тармактын маалыматтык системаларын андан ары өнүктүрүү жана интеграциялоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди.

Жолугушууну ачып жатып министр бүгүнкү күндө саламаттык сактоо тармагын санариптештирүү документтерди электрондук форматка өткөрүү менен гана чектелбей турганын белгиледи. Анын айтымында, негизги максат — ишенимдүү маалыматтарга негизделген чечимдерди кабыл алууга, медициналык жардамдын сапатын жогорулатууга жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү жарандар үчүн ыңгайлуу кылууга мүмкүндүк бере турган тармакты башкаруунун бирдиктүү санариптик системасын түзүү.

Жолугушууда НИСУРду өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулду. Бул система тармакты санариптик башкаруунун негизги платформасына айланып бара жатат. Медициналык уюмдар, кадрдык курам, штаттык бирдиктер жана саламаттык сактоонун башка ресурстары боюнча маалыматтарды бирдиктүү базага топтоо процесстердин ачык-айкындуулугун камсыздап, башкаруу чечимдерин кабыл алууда коррупциялык тобокелдиктерди азайтып, тармакты натыйжалуу пландаштырууга негиз түзөт.

Ошондой эле кадрдык ресурстарды башкаруунун санариптик инструменттерин өнүктүрүү маселеси каралды. Атап айтканда, медициналык уюмдардын электрондук штаттык расписаниесинин негизинде түзүлүүчү саламаттык сактоо тармагындагы бош жумуш орундардын реестрин өнүктүрүү талкууланды. Бул реестр реалдуу убакыт режиминде өлкө боюнча бош кызмат орундар, медициналык уюмдардын кадрларга болгон муктаждыгы, квалификациялык талаптар жана эмгек шарттары тууралуу так маалымат алууга мүмкүндүк берет.

Мындан тышкары, окуучулардын убактылуу эмгекке жарамсыздыгы тууралуу электрондук маалымкатты (№095/у формасы) жана баланын электрондук медициналык картасын (№026/у формасы) киргизүү ишинин жүрүшү каралды. Бул документтерди ишке киргизүү кагаз түрүндөгү документ жүгүртүүдөн баш тартууга, саламаттык сактоо жана билим берүү уюмдарынын ортосунда маалымат алмашууну ыкчам жүргүзүүгө, ошондой эле «Түндүк» мобилдик тиркемеси аркылуу мамлекеттик кызматтарды алууну жөнөкөйлөтүүгө шарт түзөт. Ошондой эле №026/у формасын санариптештирүүнүн алкагында балдардын стоматологиялык кароосу боюнча электрондук модулду түзүү жана келечекте аны толук кандуу электрондук стоматологиялык картага айландыруу маселеси талкууланды.

Министр тармактын туруктуу санариптик трансформациясын камсыз кылуу үчүн ченемдик-укуктук базаны мындан ары өркүндөтүү, жеке маалыматтарды коргоо жана медицина кызматкерлеринин санариптик компетенцияларын жогорулатуу өзгөчө мааниге ээ экенин баса белгиледи.

Жыйынтыктап жатып Дамир Осмонов санариптик трансформация саламаттык сактоо тармагын өнүктүрүүнүн негизги багыттарынын бири бойдон каларын айтты. Ал министрлик үчүн НИСУРду мындан ары өнүктүрүү өзгөчө мааниге ээ экенин белгилеп, бул система медициналык уюмдарды кадрлар менен камсыз кылуу маселелерин кошо алганда, башкаруу чечимдеринин натыйжалуулугун жогорулатууга өбөлгө түзөрүн билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында министр саламаттык сактоо тармагынын санариптик инфраструктурасын андан ары өнүктүрүү, НИСУРдун функционалдык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана республиканын медициналык уюмдарында мамлекеттик санариптик сервистерди киргизүү иштерин тездетүү боюнча бир катар тапшырмаларды берди.

Scroll to Top