Садыр Жапаров COP17 саммитинде Ысык-Көлдү коргоо боюнча трасттык фонд түзүүнү сунуштадыКыргызстанда чет өлкөлүк номерлүү унаалардын кирүү эрежелери өзгөртүлдү — толук маалыматОш шаарында «Сулайман-Тоо» эл аралык кинофестивалы өтөт2027-жылдан тарта Кыргызстанда сотто өкүлчүлүк кылуу үчүн юристтерге окуудан өтүү талабы коюлатКытай Кореядан озуп кетти: Кыргызстанга эми кайсы унаалар көбүрөөк ташылып жатат?Бактыбек Анаркулов Суу ресурстары кызматынын директору болуп дайындалды
Эксклюзив
Кыргызстандын нефтетрейдерлери чет өлкөдөн КММ жеткирүүчү жаңы өнөктөштөрдү издеп жатышат
06.07.2026 | 13:53

Учурда кыргызстандык компаниялар чет өлкөлөр менен күйүүчү-майлоочу майларды (КММ) жеткирүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатышат. Бул тууралуу Reporter.kg сайтына Нефтетрейдерлер ассоциациясынын президенти Канатбек Эшатов билдирди.
«Учурда биздин компаниялар Кытай, Казакстан, Беларусь жана Азербайжан менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Мындан тышкары, айрым кыргызстандык компаниялардын өкүлдөрү Европанын эки өлкөсүнө учуп кетишти. Жыйынтыгы тууралуу сөзсүз кабарлайбыз», — деди Эшатов.
Эскерте кетсек, өлкөнүн май куюучу жайларында жогорку октандуу бензиндин тартыштыгы байкалууда. Кыргызстандын Нефтетрейдерлер ассоциациясы муну пландык оңдоо иштерине жана тышкы факторлорго байланыштуу Россиянын мунайды кайра иштетүүчү заводдорунан май жөнөтүүнүн көлөмү кыскарып кеткени менен түшүндүрүүдө.
Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Кыргызстанда КММ тартыштыгына жол бербөө үчүн бардык күч-аракеттер жумшаларын убада кылды.
Анара Мамытова
Теги: ГСМ, Кыргызстан