Садыр Жапаров COP17 саммитинде Ысык-Көлдү коргоо боюнча трасттык фонд түзүүнү сунуштадыКыргызстанда чет өлкөлүк номерлүү унаалардын кирүү эрежелери өзгөртүлдү — толук маалыматОш шаарында «Сулайман-Тоо» эл аралык кинофестивалы өтөт2027-жылдан тарта Кыргызстанда сотто өкүлчүлүк кылуу үчүн юристтерге окуудан өтүү талабы коюлатКытай Кореядан озуп кетти: Кыргызстанга эми кайсы унаалар көбүрөөк ташылып жатат?Бактыбек Анаркулов Суу ресурстары кызматынын директору болуп дайындалды
Эксклюзив
Бишкек мэриясы «Арзы Девелопмент» курулуш компаниясына 100 миң сом айып пул салды
06.07.2026 | 13:16

Бишкек мэриясынын Жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгы «Арзы Девелопмент» ЖЧКсына 100 миң сом айып пул салды.
Борбор калаа муниципалитетинин Коенкозов көчөсүнүн жашоочуларынын аталган курулуш компаниясына чара көрүү талабы менен жазган жамааттык кайрылуусуна 2026-жылдын 2-июлунда берген расмий жообуна ылайык: «Бөлүнгөн же бекитилген жер тилкесин өз билемдик менен кеңейткендиги үчүн Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгы тарабынан 2026-жылдын 18-майында Коенкозов көчөсү, 130а дареги боюнча "Арзы Девелопмент" ЖЧКсына карата КР Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 149-беренеси менен укук бузуу тууралуу протокол түзүлүп, 100 миң сом өлчөмүндө айып пул салынган».

Эскерте кетсек, буга чейин Reporter.kg редакциясына Коенкозов көчөсүнүн жашоочулары кайрылып, Коенкозов көчөсү, 130–130а дарегиндеги 10 кабаттуу Mono бизнес-класстагы турак жайын куруу учурунда «Арзы Девелопмент» компаниясынын атайын техникасы жолду улам эле тосуп жатканына нааразычылыктарын билдиришкен.
Анара Мамытова