«CYBERNOMAD FEST 2026»: Бишкекте улуттук кибермашыгуулар башталдыИюль айында Кыргызстанга чет өлкөлөрдөн 279,5 млн доллар акча которулганКыргызстан менен Беларусь жарандарын 30 күнгө каттоодон бошототКыргызстандын Каржы министрлиги АКШдагы ири финансылык ишкана StoneX Group менен кызматташатКыргызстанда студенттерге стипендия төлөп, авиакаттамдарын каржылоо сунушталуудаКыргызстандагы оң өзгөрүүлөр үчүн Садыр Жапаров Америка-Кыргыз бизнес кеңеши тарабынан сыйланды
Эксклюзив
«КРда КММ тартыштыгына жол бербөө үчүн бардык күч-аракетибизди жумшайбыз, — Данияр Амангельдиев»
01.07.2026 | 12:06

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангельдиев Орусия тарабынан бензин жана авиакеросин экспорттоого киргизилген толук тыюу салуу боюнча Reporter.kg сайтына комментарий берди.
Амангельдиевдин айтымында, Министрлер кабинети күйүүчү-майлоочу материалдарды (КММ) бажы алымсыз импорттоо маселесин ыкчам түрдө иштеп чыкты, ал эми бардык зарыл болгон чечимдер учурда жол-жоболоштуруу баскычында турат.
«Учурда мен Москвада сүйлөшүүлөрдө жүрөм, ал жакта транзит жана жеткирүү көлөмдөрү боюнча маселелер талкууланууда. Биз жеткирүү булактарын диверсификациялап, КММга карата импорттук алымдарды токтото туруу боюнча документтерди макулдаштык. Ушул багытта алдыга жылабыз деп ойлойм. Кыргызстанда тартыштык жаралбашы үчүн бардык күч-аракетибизди жумшайбыз», — деди ал.
Амангельдиев белгилегендей, Министрлер кабинети баалар коңшу өлкөлөрдүн деңгээлинде калышы үчүн, мүмкүнчүлүккө жараша аларды колдоп жана субсидиялап турат.
Анара Мамытова